Казакстанда кинотеатр, театрлар менен соода борборлорундагы тамактануу жайларынын иштешине уруксат берилди

Казакстанда  кинотеатр, театрлар менен соода борборлорундагы тамактануу жайларынын иштешине уруксат берилди

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу бир нече айдан бери токтоп турган бир катар маданий жана эс алуу жайлары кайрадан жанданды. Карантиндик чектөө чаралары жөнүндө Жарлыкка өлкөнүн башкы санитардык дарыгери өзгөртүүлөрдү киргизди.

«Беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо менен кинотеатрларда ачык аянтчада иштөөгө уруксат берилди. Театрдын көрүүчүлөрү элүүдөн ашпоого тийиш, infokazakhstan.kz порталына катталып, беткап тагынып, социалдык аралыкты сактап  иштөөгө уруксат берилет», - деп айтылат токтомдо.

Соода борборлорунда (жеке имараттарда) жайгашкан коомдук тамактануу жайларында 50 орундан ашык эмес, жамааттык иш-чара өткөрбөстөн иштөөгө жол берилет.

Мисалы, Алматыда автоунаа кинотеатрларынын бири ачылды. Күнү-түнү көрүүчүлөрдү кабыл алууга даяр. Унаа токтотуучу жай 90 унаага ылайыкталган. Бул жерден сүйүктүү эски тасмалар менен заманбап фильмдерди көрүүгө болот.

«Азыркы учурда карантин чараларын улантууга байланыштуу ачык асман алдындагы кинотеатрлардын ишин жандандыруу өтө маанилүү деп эсептейм. Азыр кинотеатрлар жабык. Ал эми адамдар чоң экрандан кино көргүсү келет. Суроо-талап бар», - дейт автокинотеатрдын башкаруучу мүдүрү Данияр Шамухажы.

Автокинотеатр күз бою иштейт. Ошондой эле бештин айында жаңы жылдык көрсөтүү уюштурулат.

«Социалдык тармактагы окурмандар жумасына бир жолу өздөрү самаган кинону тандашат. Алдын ала жазылууга болбогондуктан ыңгайлуу орун алуу үчүн көрүүчүлөр көрсөтүүдөн эрте келип алышат», - дейт Данияр Шамухажы.

2020-жылдын аяк оона айынын 18-19-күндөрү «Опералык классикага саякат» чоң концерттик программасы менен «Астана Опера» өзүнүн театр сезонун ачат. Өнөр сүйүүчүлөр коомунун назарына театр фондундагы Ахмет Жубанов менен Латиф Хамидинин «Абай», Пётр Чайковскийдин «Евгений Онегин» сыяктуу операларынан мыкты ариялар, дуэттер жана сценалар сунуштлат.

«Кечээ кечинде бардык театрлар өз ишин жандандырып, бардык санитардык талаптарды эске алуу менен 50 чейин көрүүчүнү чакырууга уруксат алышты. Алар залга шахмат сыяктуу отургузулат. Аз болсо дагы билеттин баасына таасир этпейт. Аларды театр кассаларынан онлайн  сатып алса болот. Албетте спектаклдер онлайн режиминде да уланат», - деди «Астана Опера» театры мүдүрүнүн орун басары Айжан Мухышбаева.

Соода түйүндөрүндөгү кафелер дагы санитардык талаптарга жооп берсе кызмат көрсөтүүгө уруксат берилет. Бирок өзгөртүлгөн жарлыкка ылайык, өлкөдө караоке, бильярд, компьютердик клубдар, түнкү клубдар, боулинг борборлоруна иштөөгө уруксат бериле элек. Мындан тышкары, дем алыш жана майрам күндөрү азык-түлүк супермаркеттери менен дарыканалардан тышкары, соода борборлору, соода жана көңүл ачуу борборлорунун иши токтотулат.

 

Фото: kapital.kz