Сенат өзгөчө корголуучу табигый аймактарга тиешелүү мыйзамды кабыл алды

Сенат өзгөчө корголуучу табигый аймактарга тиешелүү мыйзамды кабыл алды

Айлана чөйрөнү коргоп, ыйык жерлерди сактап калуу. Бүгүн Парламент Сенатынын жалпы жыйынында кабыл алынган «Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын көздөгөн максаты ушул.

«Мыйзам долбоорунун негизги максаты - туризм объекттерин, өзгөчө маанидеги имараттарды куруу, мурда пайдаланылбай келген жерлерди аларды өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына иштетүү үчүн кайтарып берүү  жол-жобосун жөнөкөйлөтүү. Мыйзам долбоору менен Жер кодексине жана Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат», - деди сенатор Абдалы Нуралиев.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу аркылуу ушул маселелерди чечүү менен катар: өзгөчө экологиялык, илимий, тарыхый жана маданий баалуулукка ээ жана кайтарымдуу мүнөздөгү жер участкаларында жайгашкан жаратылыш комплекстерин жана табигый-корук объекттерин сактоо, экотуризмди өнүктүрүү жана экологиялык мекемелердин ресурстарын көбөйтүү маселелер  чечимин табат деп мерчемделген.

 

Фото: azh.kz


×