БУУӨП колдоого муктаж жаштарды окуудан өткөрдү

БУУӨП колдоого муктаж жаштарды окуудан өткөрдү

Карантин убагында жумушсуз калган жаштар үч айлык практикадан, анын ичинде квалификациясын жогорулатуу боюнча окуудан өттү. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Казакстан Өкмөтүнө коронавирус пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин азайтуу боюнча чукул колдоо программасы алкагында жүзөгө ашырылды.

«Катышуучулар Нур-Султан, Алматы жана Караганды облусундагы ишканаларга, өкмөттүк эмес уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге жөнөтүлдү. Жаштар жаңы кесип үйрөнүүгө, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышып, ай сайын 60 миң тенге стипендия алышты. Үч айдын ичинде иш берүүчүлөр аларды байкап көрүп, мыктыларына эмгек келишимдерин сунушташты»,- деп айтылат басма сөз баяндамада.

Долбоорго социалдык жактан колдоого муктаж жаштар менен иштөө үчүн атайын даярдалган 25 устат тартылган. Алар катышуучулар менен үзгүлтүксүз топтук жана жекече жолугушууларды өткөрүп, максат коюунун негиздери, өзүн өзү уюштуруу, команда менен иштөө жана убакытты туура пайдалануу боюнча тренингдерди өткөрүштү. Ошондой эле тренингдерде вируска каршы чараларды сактоо жана коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аралыктан натыйжалуу иштөө темалары да актуалдуу болду.

«БУУнун Өнүктүрүү Программасынын демилгеси экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөшүнө жана эмгек рыногундагы жалпы белгисиздик шартында социалдык жактан колдоого жаштардын экономикалык өнүгүүсүнө жана кесиптик деңгээлинин көтөрүлүшүнө көмөктөшүүгө багытталган», - дейт Казакстандагы БУУ ӨПнын туруктуу өкүлү  Якуп Бериш.

 

Фото: coronavirus2020.kz