Казакстандык өспүрүмдөрдүн 30% гана активдүү жашоо образын карманат

Казакстандык өспүрүмдөрдүн 30% гана активдүү жашоо образын карманат

Казакстандык өспүрүмдөрдүн 30% жакыны гана спорт менен машыгат. Балдар арасында ашыкча салмак көйгөйү көбүрөөк кездешет. Ал эми аскерге чакырылгандардын 40 пайызы ден-соолугуна байланыштуу аскердик кызматтын талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу «Мектеп спорт федерациясы» ЮЖБнын расмий өкүлү Алия Тусупбекова билдирди.

«Дене тарбия сабагы балдардын дене тарбия жана спортко болгон муктаждыгын канааттандырбайт. Айрым балдар көз ооруларына чалдыкса, кээ бирлери ашыкча салмактан жабыркашат. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны өсүп жатканы тынчсыздандырат. Негизги себептер - тубаса аномалиялар, нерв системасынын оорулары жана психикалык бузулуулар. Балдардын дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо боюнча квалификациялуу адистер жетишпейт», - деди спикер.

Өлкөдө массалык спортту жайылтуу багытындагы жаңы долбоор тууралуу  Дене тарбия жана спорт боюнча республикалык окуу - методикалык жана талдоо борборунун мүдүрү Абзал Мыхыбаев айтып берди.

««Массалык спорт - жигердүү өлкөнүн кепилдиги» долбоору жарыяланды. Бул маалыматтык гана эмес, ошондой эле методикалык түшүндүрмө катары кызмат кылат. Физикалык кыймылдын пайдасы же белгилүү бир спорттун ден-соолукка тийгизген таасири жөнүндө жооп ала алат. Кошумчалай кетсек, бул долбоордун негизги өзгөчөлүгү - спорттук объекттердин картасы бар. Мисалы, каалаган адам бул сайтка кирип, макалаларды көрө алат, өзүнө ылайыктуу спорт түрүн тандап алат жана жигердүү бол деген баскычты басып, өз аймагындагы бардык спорттук жайлардын даректерин биле алат», -  деди Абзал Туңгатарулы.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев өз Кайрылуусунда массалык спортту өнүктүрүүгө жана жайылтууга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеген. Бүгүнкү күндө өлкөдө 23 миң спорттук объект курулган. Алардын катарына футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары кирет. 2025-жылга чейин алардын санын 30 миңге жеткирүү мерчемделүүдө.

 

Фото: informburo.kz