Борбордо чакан гранттар сынагы башталды

Борбордо чакан гранттар сынагы башталды

Нур-Султан шаарында ыктыярдуу демилгелерди колдоо максатында чакан гранттардын сынагы башталды. Анын алкагында 22 жеңүүчү аныкталып, ар бирине 300 миң теңгеден берилет. Бул тууралуу шаардык акимчиликтин расмий сайтында маалымдалды.

«Сынакка 14 жаштан 29 жашка чейинки адамдар, демилгелүү топтор жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катыша алат. Өзүнчө арыз берген учурда арыз ээси 14 жаштан жогору болушу керек. Демилгелүү топтун атынан кайрылууда топтун лидери жана мүчөлөрү 14-29 жаш курагында болушу шарт. Демилгелүү топтун башчысы сынакка катышуу үчүн бардык мүчөлөрүн көрсөтүү менен арызды түз берүүгө тийиш»,- деп айтылат маалыматта.

Долбоорлор төмөнкү багыттар боюнча кабыл алынат:

- экологиялык билим берүү боюнча ыктыярдуу долбоорлор;

- мектеп окуучуларын, студенттерди жана социалдык топторду тарбиялоого багытталган долбоорлор;

- балдар үйлөрүндөгү жана карылар үйүндөгү адамдарды колдоого багытталган долбоорлор;

- мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого багытталган долбоорлор;

- маданий жана тарыхый мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө, тарыхый эстеликтерди, маданий-мемориалдык комплекстерди калыбына келтирүүгө жана сактоого багытталган долбоорлор;

- табигый жана техногендик мүнөздөгү укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча долбоорлор;

- инновациялык долбоорлор;

- илимий жаңылыктар;

- компьютердик программалоо;

- экспедицияларды жана экскурсияларды уюштуруу боюнча долбоорлор;

- социалдык-маданий жана спорттук долбоорлор;

- чыгармачыл жана кайрымдуулук иш-чаралары;

- медициналык жана карантиндик долбоорлор;

- адабият жана тил долбоорлору;

- жаштардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор;

- макалага ылайык келген башка багыттар.

Акимчиликтин маалыматы боюнча, долбоор келишимге кол коюлган күндөн тартып 2 айдын ичинде ишке ашырылышы керек.

Ошондой эле, долбоордун алкагында эмгек акыга, кеңсе бөлмөлөрүнө жана башка административдик чыгымдарга сарптоого жол берилбейт. Чыгымдарды ыктыярдуу демилгелерди ишке ашыруу үчүн ар кандай сарпталуучу материалдарга (жабдууларга, шаймандарга, жабдууларды ижарага алуу ж.б.) жумшоо керек.

Сынакка катышуу үчүн арыздарды аяк оона айынын 25 чейин volonter_zhastar@bk.ru электрондук дарекке жиберүү керек. Грант алуучуларды тандоо ушул айдын 30 чейин жүргүзүлөт. Тандоонун аяктагандыгы жөнүндө жарыя уюштуруучулардын www.adyrna.kz расмий сайтында жана @NS_JASTARY социалдык тармагында @ ADYRNA.KZ / @NS_JASTARY Instagram баракчасында жарыяланат.

 

Фото: elorda.info