Болашак – онлайн: эл аралык стипендия талапкерлерин тандоо эрежелери өзгөртүлдү

Болашак – онлайн: эл аралык стипендия талапкерлерин тандоо эрежелери өзгөртүлдү

«Болашак» эл аралык стипендиясын үйдөн чыкпай туруп алууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Ушул жылдан баштап аны дайындоо боюнча сынак процедуралары толугу менен автоматташтырылып, бирдиктүү онлайн платформасында өткөрүлдү. Үлгү катары Президенттик Жаштар кадр резервине тандоо тутуму алынды. Документтерди кабыл алуу санариптештирилип, egov.kz порталында гана жүргүзүлөт, деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы. Эми талапкерге жеке иш бөлмөсүндө уникалдуу код берилет. Арыз ээсинин жеке маалыматтары уникалдуу идентификация тутуму аркылуу коддолот.

Тандоонун биринчи этабы - мурункудай эле комплекстүү тестирлөө аркылуу болот. Анын мазмуну сапат жагынан өзгөртүлдү. 2020-жылдан баштап талапкерлердин өз алдынча кайрылуусунун негизги талаптарын эске алуу менен предметтик билимдерин текшерүү зарылдыгы жоюлду. Эми онлайн тест оозеки, сандык жана жеке суроолордон турат. Суроолор, ошондой эле талапкердин кыска убакыттын ичинде жаңы маалыматты иштеп чыгуу, талдоо жана аныктоо жөндөмүн аныктоого багытталган.

Онлайн платформасында колдонула турган прокторинг тутуму талапкерлерге жумуш баракчасынан чыгып, кийинки бетке өтүүгө же тестирлөө учурунда жаңы терезе ачууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай учурда система аны бөгөттөп, тесттин жыйынтыгы жок кылынат.

II этап - Көз карандысыз серепчилик комиссиянын мүчөлөрү менен жекече маектешүү да онлайн режиминде жүргүзүлөт. Анын жүрүшүндө серепчилер суроолорун талапкерге жеке коду менен идентификациялоо аркылуу коюп, конкреттүү критерийлер боюнча баалайт.

«Адистердин баасын системадан гана көрүүгө болот. Ар бир серепчи талапкерге койгон жеке баасын гана көрө алат. Сынактык тандоонун бардык этаптары видео жана аудиого жаздырылаарын белгилей кетүү маанилүү. Демек, онлайн формат жана автоматташтыруу тутуму Болашак Эл аралык стипендиясынын сынактык тандоосунун сапатын жогорулатып гана тим болбостон, бардык тандоо тутумун ачык, жеткиликтүү, ыңгайлуу жана мобилдүү кылып түзө алат», - деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Сынактык тандоонун эки этабынын жыйынтыгы боюнча акыркы чечимди Чет өлкөлөрдө кадрларды даярдоо боюнча республикалык комиссия кабыл алат. Белгилей кетсек, 2020-жылдын аяк оона айынын 4-9-күндөрү сынактык тандоонун биринчи туруна магистратурага 100, докторантурага 9, практикага 5 адам, бардыгы болуп 114 талапкер катышкан.

 

Фото: caravan.kz