Central Asia nobel fest live: 1,5 минден ашык адам каттоодон өттү

Central Asia nobel fest live: 1,5 минден ашык адам каттоодон өттү

Коронавирустук инфекциянын өрчүшү билим берүү тармагына терс таасирин тийгизбей койгон жок. Эпидемиянын кесепеттери тармактын бардык жагына, анын ичинде инклюзивдик билим берүү системасына да таасирин тийгизип жатат. Илимий конференциянын катышуучулары дүйнө жүзү боюнча балдарга билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуунун натыйжалуу жолдорун карашат. Белгилей кетсек, Central Asia Nobel Fest Live онлайн режимде өтөт. Түз байланышка йемендик журналист жана саясат таануучу Тавакуль Карман жана индиялык балдардын укугун коргоочу Кайлаш Сатьяртхи сыяктуу эл аралык деңгээлдеги белгилүү инсандар чыгат деп күтүлүүдө.

Адистердин айтымында, акыркы учурда экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жолдорунун бири катары инклюзивдик билим берүү маселеси көтөрүлүп жатат. Анткени бул тутум тармактагы социалдык камсыздандыруунун чыгашаларын азайтуу үчүн бирден-бир оптималдуу чечим болуп саналат. Мындан тышкары, технологиялык базаны өнүктүрүп, жалпы экономиканы жакшыртууга салым кошот. Казакстан дагы бул маселеге артыкчылык берүүнү колго алган. Билим берүү жана илим министрлигинин отчётуна ылайык, өлкөдө сапаттуу инклюзивдик билим берүүгө талап өсүүдө. Ошондуктан иштеп жаткан мектептердин 70% керектүү шарттар түзүлүп,  инфраструктура пайда болот.

Ошондой эле фестивалда дүйнөнүн глобалдык чакырыктарына даяр турууга  байланыштуу башка да маселелер көтөрүлүп, кеңири талкууга алынат. Конференцияга Нобель сыйлыгынын 7 лауреаты жана 3 Breakthrough Prizе сыйлыгынын ээлери катышат деп мерчемделүүдө. Бүгүнкү күндө онлайн жолугушууга катышуу үчүн 20 мамлекеттен, 94 шаардан жана 104 университеттен 1500дөн ашуун өкүл каттоодон өттү.

 

Фото: nobel-fest.inpolicy.net