Румыниянын борборунда Абайдын бюсту орнотулду

Румыниянын борборунда Абайдын бюсту орнотулду

Румыниянын борбору Бухарест шаарында улуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун бюстунун ачылышы болду. Иш-чара улуу казак акынынын 175 жылдыгына арналды. Куттуктоо сөзүндө аталган мамлекеттеги Казакстандын элчиси Нурбах Рустемов казак ойчулунун айкели Казакстан менен Румыния элдеринин өз ара урматтоосунун, жаңы муунду тарбиялоонун, эки мамлекеттин тарыхын таанып-билүүнүн айкын мисалы болуп саналарын белгиледи.

«Европанын маданиятына аралашуу - казак маданиятынын реформатору Абай Кунанбай уулу эңсеген тилектеринин бири болгон, анын улуу мурасы Чыгыш жана Батыш маданияттарына да мүнөздүү», - деди дипломат.

Өз кезегинде Румыниянын экс-президенти Эмиль Константинеску жана Парламент депутаттары палатасынын вице-спикери, Казакстан-Румыния парламенттер аралык достук тобунун төрагасы Флорин Иордаке дүйнөлүк деңгээлдеги улуу акынга эстелик тургузуу Бухарестте жаңы тарыхый этап болуп калаарын айтышты. Бул улуу акындын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы үчүн Казакстан элине болгон сый-урмат экенин кошумчалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Абайдын сөздөрүн» румын тилине которгон белгилүү тилчи Антоанета Олтяну акындын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди. Румынияда жашаган казакстандык жаш сүрөтчү Алуа Тебенованын экспозициясы да иш-чарага чоң салым кошту. Кыл калем чебери өз чыгармаларында казак элинин улуттук өзгөчөлүгүнүн маңызын жеткирет.

 

Фото: kazpravda.kz