Казакстандык мектептердин иши качан жанданат? Министрлик экинчи этапта мектепти штаттык режимде жаңыртуу боюнча сунуштама иштеп чыкты

Казакстандык мектептердин иши качан жанданат? Министрлик экинчи этапта мектепти штаттык режимде жаңыртуу боюнча сунуштама иштеп чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги экинчи этапта мектеп ишин штаттык режимде жаңыртуу боюнча сунуш иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов  Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, пандемия башталгандан бери 2,4 миңден ашуун казакстандык балдар коронавируска чалдыккан. Бүгүнкү күндө 34 бала дарыланууда. Эпидемия дале болсо коомго коркунуч жаратууда. Демек салттуу окуу жараянына өтүү азырынча эртелик кылат, дейт Тугжанов.

«Бул учурда Өкмөттүн милдети - балдарды жана казакстандыктарды жалпы коркунучтуу вирустан мүмкүн болушунча коопсуз кылуу. Ал тургай балдарда коронавирустун жеңил түрү байкалса дагы, чоң кишилер тобокелчиликте болушат. Андан кийин алар вирусту жайылтып, инфекциянын жаңы очокторун жаратышы мүмкүн. Бул тажрыйбадан белгилүү. Ушуга байланыштуу окуучулардын көпчүлүгүн окуу жылынын 1-чейрегинде дистанттык окутууга өткөрүү чечими кабыл алынды», - деди Ералы Тугжанов.

Министр өз сөзүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен тастыктады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 100 ашык өлкөсү балдарга дистанттык билим берүүдө. Эң башкысы - жаш муундун ден-соолугу.

«Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, биз биринчи этапта жалпы 800 миң окуучудан турган нөөмөт класстарын жана чакан мектептерди ачтык. Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги экинчи этапта мектепти модернизациялоо боюнча сунуш иштеп чыкты. Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтеринин бардык сунуштары Өкмөт тарабынан ар тараптуу жана кылдаттык менен каралат. Баарынан мурда алар боюнча Казакстан элинин кызыкчылыгы жана балдардын коопсуздугу үчүн салмактуу чечим кабыл алынат», - деди Ералы Тугжанов.

Эске салсак, Казакстанда 3,4 миллион окуучу бар. Анын 77 пайызы аралыктан окутуу форматында билим алууну улантып жатат.

 

Фото: tengrinews.kz