Нур-Султанда дарыгерлерге арналган көргөзмө ачылды

Нур-Султанда дарыгерлерге арналган көргөзмө ачылды

«Өлкөгө саламаттык, дарыгерге урмат!». Борбордо дал ушундай аталышта өлкөнүн медицина кызматкерлерине арналган көргөзмө ачылды.

«Медицина кызматкерлеринин урматына китеп көргөзмөсүн ачууну туура көрдүк. Себеби, башыбыздан өткөн оор мезгилде баарыбыз аларга көз каранды болдук. Дарыгерлер өздөрүнүн жумушта канчалык кесипкөй экендигин, ишинин жогорку деңгээлин көрсөтө алышты. Алар эл үчүн кызмат кылышты. Дарыгерлердин жардамы менен биз аман-сообуз. Аларга урмат көрсөтүү биздин милдетибиз болуп саналат», - деди Улуттук академиялык китепканнын башкы мүдүрү Үмитхан Муналбаева.

Иш-чарада китеп-иллюстрация көргөзмөсү сунушталды. Медицина, айрыкча пульмонология жана жугуштуу оорулар жаатында китептер жана мезгилдүү басылмалар коюлган. Мындан тышкары, карантин учурунда эрдик жана туруктуулук көрсөткөн дарыгерлердин илимий эмгектери, сыйлыктары жана жеке буюмдары көрсөтүлдү. Коронавирус пандемиясы улуттук саламаттык сактоо тутуму үчүн чоң сыноо болуу менен катар, ошондой эле өлкөнүн медициналык тармагы үчүн тажрыйба мектебине айланды.

 

Фото: inform.kz


×