А. Цой: илдеттин таралышын болтурбоо үчүн бир катар чектөөлөр күчүндө калат

А. Цой: илдеттин таралышын болтурбоо үчүн бир катар чектөөлөр күчүндө калат

Казакстанда дем алыш күндөрү локдаун сакталат. Өкмөттүн жыйынында саламаттык сактоо министри Алексей Цой илдеттин жайылышына жол бербөө үчүн бир катар чектөө чаралары күчүндө кала тургандыгын жарыялады.

«Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө коомдун ролу абдан маанилүү. Сактык чаралары канчалык көп көрүлсө, кырдаал ошончолук жеңил болот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчылары, мамлекеттердин өкмөттөрү жигердүү түрдө жетекчиликти колго алып, эл беткап тагынып, коомдук иш-чараларга барбашы керек деп жатышат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы мүдүрү Тедрос Гебрейесустун айтымында, бул акыркы пандемия эмес. Тарых эпидемиянын жайылышы биздин жашообуздун бир бөлүгү экендигин көрсөттү. Швейцариянын Федералдык коомдук саламаттык сактоо башкармасы Казакстанды жарандары келгенден кийин карантинге алынышы керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен алып салганын айта кетүү керек», - деди Алексей Цой.

Алексей Цой коронавирустун кийинки толкунуна даярдануу үчүн жыл аягына чейин лабораториялык анализдердин суткалык санын 63 миңге жеткирүү мерчемделип жатканын билдирди. Ошондой эле министр КРВИ менен сасык тумоонун өрчүү мезгили келе жаткандыгын эскертти.

«Бул эпидемиологиялык мезгилде уникалдуу дистрибьютор сасык тумоого каршы 2 миллион 199 миң 990 вакцина сатып алды. Бул сумма жалпы калктын 11% камтыйт», - деди Саламаттык сактоо министри.

Саламаттык сактоо министри Казакстанда дары-дармектердин көлөмү азайбай тургандыгын жана эки айга жете турган кору бар экенин билдирди. Учурда суроо-талапка ээ дары-дармектин наркы 8,2 миллиард теңгелик 44 түрү сатылып алынууда. Бул сумма ооруканалардагы 60 миң бейтапты  дарылоого жетет. Кошумчалай кетсек, ушул жылдын жетинин айына чейин республиканын ооруканалары жана клиникалары үчүн миңден ашуун ата мекендик тез жардам унаасы сатылып алынат. Министрдин айтымында, инфекциялык жана провизордук стационарларда өпкөнү жасалма дем алдыруу үчүн 3379 аппарат бар. Мындан тышкары, 2619 аппарат сатылып алынат. Анын бир жарым миңи ата мекендик компанияларда өндүрүлгөн.

 

Фото: kstnews.kz