Казакстан: пенсиялык топтомун мөөнөтүнөн мурда алгандар салык төлөйт

Казакстан: пенсиялык топтомун мөөнөтүнөн мурда алгандар салык төлөйт

Пенсиялык топтомунун бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алгандар 10% салык төлөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик кирешелер комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, Бирдиктүү топтоочу пенсиялык фонддун төлөмдөрүнө жеке киреше салыгы салынат. Бул учурда жеке жактар​бир минималдуу эмгек акынын өлчөмүндө салыктык жеңилдиктерди колдонуу менен салык салынуучу сумманы азайтууга укуктуу. Мындан тышкары, калктын социалдык жактан аярлуу катмары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына теңештирилген ардагерлер, бардык топтогу майыптар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын багуучулары, асырап алуучулар кошумча 882 айлык эсептик көрсөткүчтү колдонууга укуктуу. Бул болжол менен эки миллион тенгеден бир аз ашыгыраак сумма.

Эске сала кетсек, пенсиялык топтомдун бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алуу 2021-жылдан баштап мүмкүн болот.

Фото: informburo.kz