Президенттин Кайрылуусу: бирдиктүү билим берүү платформасы

Президенттин Кайрылуусу: бирдиктүү билим берүү платформасы

Толук кандуу окуу жараяны үчүн керектүү бардык функциялары бар бирдиктүү онлайн билим берүү платформасын иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу жакында эле Казакстан элине жасаган Мамлекет башчысынын салттуу Кайрылуусунда айтылган.

Коронавирустун жайылуу коркунучу басыла электигине байланыштуу быйыл жаңы окуу жылы дистанттык окутуу форматында башталган.

Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген 8 платформа бар. Борбор шаардын студенттери BilimLand жана Daryn.online платформаларын колдонушат. Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетовдун айтымында, мугалимдер Teams, Zoom жана WhatsApp тиркемеси менен иш алып барышат.

«Белгилүү болгондой, Президент орто билим берүүдө дистанттык билим берүү аянтчаларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу тапшырмасын берди. Стандартташтыруу, жалпы талаптар боюнча ишти баштадык. Бул ишти улантып, тиешелүү деңгээлде аткарабыз», - деди министр маалымат агенттигине берген маегинде.

Билдирүүдө 6 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки тарбия жана билим берүү менен  2025-жылга карата 100% камтуу милдети коюлган. Асхат Аймагамбетов бул маселени ишке ашыруунун эки өзгөчөлүгүнө токтолду.

«Биринчиден, мамлекеттик сатып алуу аркылуу жеке бала бакчалардын үлүшүн көбөйтүү менен биз бул тапшырманы аткарабыз. Кыска убакыттын ичинде жеке сектордун өнүгүшүнө байланыштуу өзгөрүү болду. Камтуу пайызы жогорулады. Биз ушул багытта иш алып барып, бала бакчаларды камтуу маселесин чечебиз», - деди министр.

Анын айтуусунда, экинчи өзгөчөлүк - ваучердик механизм.

«Ваучер механизми деген эмне? Мисалы, бүгүнкү күндө мамлекет кезеги келгенде ата-эне кайсы бала бакчага бара тургандыгын көрсөтүп жатат. Эми президенттин тапшырмасы менен ваучердик механизм колдонулат. Башкача айтканда, ата-энелер жолдомосун алып, өзүнө жаккан жана натыйжалуу бала бакчаны тандап алат. Биринчи кезекте, бул атаандаштыкты күчөтөт. Ал эми атаандаштык болгондо, сапат жакшырат. Демек, бул өтө маанилүү милдет», — деди Асхат Аймагамбетов.

Белгилей кетсек, балдардын жана жаштардын чыгармачыл дараметин жогорулатуу максатында аймактарда улуттук кол өнөрчүлүк борборлорун ачуу мерчемделип жатат.

 

Фото: avtoradio.kz