Тараздын байыркы маданиятына арналган этно-тарыхый комплекстин курулушунун биринчи этабы аяктады

Тараздын байыркы маданиятына арналган этно-тарыхый комплекстин курулушунун биринчи этабы аяктады

Тараздын илгерки тарыхый жана маданий жайлары кайра оңдоодон өтүп жатат. Шаардагы «Тектурмас» комплексин жаңылоонун биринчи этабы аяктады. Көзөмөл аянтчалары орнотулуп, Олуя-Атанын 13 метрлик айкели, 10 метрлик Лауха (скипетр), кагандардын ысымдары жазылган хан чатыр түрүндөгү 14 эстелик тургузулду, деп билдирет шаар акимчилигинен. Эми эски комплексти модернизациялоонун экинчи этабы башталат. Планга ылайык, эски чеп оңдолуп, аллеяга аймактын тарыхый курулуштарынын макеттери коюлат. Пляж, жасалма шаркыратма жана бизнес объекттерин куруу мерчемделүүдө. Алар Талас дарыясынын жээгиндеги комплекстин жанына курулат.

Тарыхый комплекстин аймагындагы масштабдуу курулуш иштери менен таанышкан Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев аталган объект ички жана тышкы туристтердин жагымдуулугун арттырууга багытталгандыгын белгиледи.

«Этно-тарыхый комплексте уникалдуу архитектуралык идеяны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болду. Бул жердеги ар бир объект байыркы Тараздын маданиятын чагылдырат. Архитекторлор шаардын тарыхый көрүнүшүн, ошол мезгилдин элесин айкалыштыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшашы керек, ошондо гана келүүчүлөр өткөнгө саякат жасай алышат. Мындан тышкары, комплексте зыяратчылар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап техникалык талаптарга жооп берүүгө тийиш», - дейт аймак жетекчиси.

Көптөгөн туристтерди Атлах жана Аңыракай салгылашууларына арналган панорамалык согуш панели кызыктырышы керек. Учурда анын долбоору иштелип жатат.

 

Фото: aigak.kz