Казакстанда карантин тартибин киргизүү тууралуу токтом долбоору иштелип чыгууда

Казакстанда карантин тартибин киргизүү тууралуу токтом долбоору иштелип чыгууда

Казакстан чектөө чараларын киргизүү эрежелерин жана карантинге алып келген жугуштуу оорулардын тизмесин бекитүүнү мерчемдөөдө. Буйруктун долбоору ченемдик укуктук актылар порталына жарыяланды. Чектөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу эрежелери Коомдук саламаттык сактоо жана саламаттык сактоо тутуму жөнүндө Кодекске ылайык иштелип чыккан. Документте жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алууга багытталган иш-чаралар камтылып, карантин учурунда ишкердиктин жана башка иш-аракеттердин өзгөчө режими каралган.

Мындан тышкары, чектөө чараларын, анын ичинде карантинди киргизүүгө алып келүүчү жугуштуу оорулардын тизмеси бекитилген. Аларга кара тумоо, холера, сары безгек, вирустук геморрагиялык безгек, курч респиратордук синдром, вирустун жаңы түрүнөн келип чыккан сасык тумоо жана коронавирустук инфекция сыяктуу оорунун 7 түрү кирет.

«Казакстандын аймагына инфекциялык жана жугуштуу мите ооруларынын таралуу коркунучу жаралган учурда Казакстандын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери  Евразиялык экономикалык биримдиктин комплекстик чек арасы менен дал келген Казакстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында же өлкөнүн бүткүл аймагында ишкердик жана башка кызматтардын, элдин жашоосун  өзгөчө шарттар менен чектөө чараларын, анын ичинде карантинди киргизет», - делинген долбоордун буйругунда.

Эгерде тизмеге кирбеген жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу бар болсо, айрым аймактарда карантин Казакстандын башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин же тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин (транспорттогу) башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин чечими менен, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин чечими менен жарыяланат.

Жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алууга багытталган чектөө чаралары учурунда өлкөнүн аймактарына кирип-чыгуу, аймактар аралык кыймыл чектелип, митингдер, массалык, маданий, спорттук иш-чараларга жана майрамдарды өткөрүүгө тыюу салынат. Ишкердик жана башка да кызмат обьекттеринин иши чектелет.

Айта кетсек, тиешелүү буйруктун долбоору үстүбүздөгү жылдын баш оона айынын 28-күнүнөн бери талкууланып келет. Талкуу аяк оона айынын он төртүнө чейин созулат.

 

Фото: matritca.kz