Пенсиялык фонддогу каражатты мөөнөтүнөн мурда алуунун шарттары аталды

Пенсиялык фонддогу каражатты мөөнөтүнөн мурда алуунун шарттары аталды

Казакстандыктар 2021-жылдан баштап пенсиялык фонддогу каржынын бир бөлүгүн турак-жай сатып алууга, дарыланууга мөөнөтүнөн мурда колдоно алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.

Кимдер жана кандай шарттарда топтолгон акчанын бир бөлүгүн ала алат? Бул үчүн бирдиктүү топтоочу пенсиялык фонддо:

30 жаш аралыгындагы  жарандардын 2,5 миллион;

35 жаштагылардын 3 миллион;

40 жаштагылардын 3,5 миллион;

45 жаштагылардын 4 миллион;

50 жаштан жогоркулардын 4,5 миллион;

55 жаштагылардын 5 миллион;

59 жана андан жогорку жаштагы адамдардын  5,5 миллион теңгеси болушу керек.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өлкөдө пенсиялык топтоо каражаттарын алуу критерийлерине жооп берген 530 миңге жакын казакстандык бар.

Ошондой эле, мекеме адамдар өздөрүнө, жубайларына жана жакын туугандары керектөөлөрү үчүн акча ала алаарын түшүндүрүштү.

«Бул жерден үй же жер тилкесин сатып алууга болот. Анын ичинде бир гана баштапкы жаңы үй эле эмес, экинчи рынок деп аталган жерден дагы үй сатып алууга болот. Бул ипотекалык насыяларын кайра каржылоо же төлөө үчүн колдонсо болот. Ал ар бир экинчи деңгээлдеги банк, ар кандай программанын алкагында алынган ипотекага тиешелүү. Жеке турак-жайды куруу, оңдоо же кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү дагы каралат», - деди РКнын Эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министри Биржан Нурымбетов.

 

Фото: internationalwealth.info


×