Өскеменде Абай таануу институту ачылды

Өскеменде Абай таануу институту ачылды

Өскемен шаарындагы алдыңкы университеттердин биринде Абай таануу институту ачылды. Улуу акындын 175 жылдыгына арналган иш-чаранын максаты - Абай дүйнөсүн жайылтуу, ар кандай ыкмаларды сунуштоо. Акынды таанууга аракет кылган адам бул жерден куру кайтпайт. Айрыкча мугалимдер үчүн жаңы ыкмалар көп. Ал тургай институттун илимий кызматкерлери тарабынан түзүлгөн Абай таануу курсун азыр мектеп окуучулары колдонуп жатат.

«Институттун ачылышына биз чоң даярдык менен келдик, бизде жетиштүү илимий-методикалык ресурстар бар, бардыгы жетиштүү. Биз бүтүндөй Чыгыш Казакстан облусуна бирдиктүү илимий-методикалык кеңеш бере алабыз жана республикалык деңгээлде башка да Абай таануу борборлору менен иштеше алабыз», - дейт Абай таануу илимий-изилдөө институтунун мүдүрү Айжан Картаева.

Илимий-изилдөө институтунун ачылыш аземинде «Алиппелер көргөзмөсү» да ачылды. Ага 63 мамлекеттин алгачкы окуу китептери коюлган. Бул аталган окуу жайдын эски окутуучусу Фёдор Головановдун мурасы. Тилчилердин айтымында, бул алфавиттер ар башка тилде болгону менен максаты бир.

 

Фото: 24.kz