Казакстандын университеттери менен колледждеринде миллиондон ашык студент жаңы окуу жылын баштады

Казакстандын университеттери менен колледждеринде миллиондон ашык студент жаңы окуу жылын баштады

Казакстандык студенттер жаңы окуу жылын баштады. Бирок бардыгы эле аудиторияда окуп жаткан жок. Айрымдары билимин аралыктан толуктап жатат. Бул ар бир аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Орто кесиптик жана жогорку окуу жайлары учурдагы кырдаалга ылайыкташып тез арада онлайн форматка өтүшү керек болду.

«Бул Казакстан мамлекеттик юридикалык университетинин студенттери үчүн таң калыштуу жагдай эмес. Дистанттык окутуу боюнча тажрыйбабыз бар. Бул үчүн атайын окуу концепциясы түзүлгөн. Ошондуктан биз өзгөчө кырдаалга даяр болдук. Бул платформа америкалык компаниянын өнүмү. Аны иштеп чыгуучулардын дүйнө жүзү боюнча 4 миңге жакын өнөктөшү бар. Биз аны атайын изилдеп чыктык. Анализдин жыйынтыгында тесттен өтпөй калган платформа заманбап ЖОЖдордо сапаттуу билим алууга эң ылайыктуу жана ыңгайлуу деп табылды», - дейт М.С.Нарикбаев атындагы КАЗМЗУ расмий өкүлү Назерке Есеналиева.

Ал эми адистиктерге келе турган болсок, бул жылы укук тармагын тандап алган абитуриенттердин саны көп. Эл аралык мамилелер жана туризм жаатында адис болууну каалагандар да арбын. Ошондой эле, быйылкы жаштардын тандоосу башка да заманбап кесиптерге түшүп жатканы байкалууда.

«Мен UIB - University International Business окуу жайына  тапшырдым. Санарип экономикасында маркетингдин оош-кыйыштарын үйрөнүүнү кааладым. Экинчи семестрдин башына чейин аралыктан окутуу жүргүзүлөт. Биздин окуу кийинки жумадан тартып башталат. Ошондуктан жаңы окуу системасы жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бирок ЖОЖго барып, мугалимдерден түздөн-түз тапшырма алган жакшы деп ойлойм», - дейт биринчи курстун студенти Альбина Советбекова.

Эске салсак, Казакстандын 466 миң студенти колледждерде, 600 миңден ашууну жогорку окуу жайларында билим алат. Быйыл студенттерге 53 миңден ашуун окуу гранты бөлүнгөн.

 

Фото: rg.ru