«Нур-Султан – Жидебай» мульти веложүрүшү Улуу Абайдын туулган жерине аттанды

«Нур-Султан – Жидебай» мульти веложүрүшү Улуу Абайдын туулган жерине аттанды

Бүгүн Улуу Абайдын 175 жылдыгына карата ышкыбоз спортчулар веложүрүшкө чыгышты. Борбор шаардагы Абайдын эстелигинен башталган марафон Жидебай конушундагы «Абай-Шакарим» мавзолей комплексинде аяктайт. Веложүрүш Акмола, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустарынын аймагы аркылуу өтөт. Ошентип ышкыбоз шайтан арабачылар улуу акындын урматына миң чакырым аралыкты басып өтүшөт.

«Мамлекеттик «Руханий жаңыруу»  программасынын жана Президент Касым-Жомарт Токаевдин «Абай жана ХХІ кылым» макаласынын негизинде биз Абайдын 175 жылдык мааракесин даңазалоого жарандык салым кошуу ниетинде веложүрүш уюштурууну чечтик. Иш-чаранын бир нече максаты бар. Абай Кунанбай уулунун өрнөктүү өмүрүн, бай мурасын жана чыгармачылыгын таануу жана жайылтуу, коомчулукту, айрыкча жаштарды сергек жашоо образына, мекенди, жерди сүйүүгө, патриоттуулукка, айлана-чөйрөнү коргоого, жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө», - дейт веложүрүштүн демилгечиси Ернат Мелсулы.

Англис тилинин окутуучусу, котормочу  Ернат Мелсулы менен бирге сапарга журналист Даулеткали Асауов жана археолог Жасулан Укеев аттанды. Алардын бардыгы спорттун ышкыбоздору. Уюштуруучулар бул иш-чараны жакшы салтка айландырып, анын масштабын кеңейтүүнү мерчемдеп жатышат.

 

Фото: everything.kz