Президенттин кайрылуусу: Казакстанда дарыгерлер менен мугалимдердин айлык акысы көбөйөт

Президенттин кайрылуусу: Казакстанда дарыгерлер менен мугалимдердин айлык акысы көбөйөт

Социалдык төлөмдөрдү индексациялоого 2023-жылга чейин 1 триллион тенгеден ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев өзүнүн салттуу Кайрылуусунда билдирди.

«Өкмөт конкреттүү чектөөлөрдү жана профилдик карантин ыкмасын киргизүүдө. Пандемияга каршы күрөшүүнүн комплекстүү программасы иштелип чыгат. Мамлекет социалдык чөйрөдөгү жана экономиканы колдоого багытталган бардык милдеттенмелерди аткарат. Бул үчүн Улуттук фонддон 1 триллион теңге бөлүнүп жатат», - деди Касым-Жомарт Токаев.

Ошондой эле, Президент коронавируска каршы күрөшүүдө алдыңкы катарда жүргөн дарыгерлерге жардам акы төлөө үчүн кошумча каражат бөлүүнү тапшырды.

«Жакынкы аралыкта бюджетти иштеп чыгууда медицина кызматкерлерине жылдын экинчи жарымында кызыктыруучу жардам акыларды төлөө үчүн кошумча 150 миллиард теңге бөлүүнү тапшырам. Биз муну каатчылык кырдаалда жасап жатабыз. Муну системалуу түрдө жүзөгө ашыруу керек», - деди президент.

Мамлекет башчысынын айтымында, үч жылдан кийин медицина кызматкерлеринин эмгек акысы бир кыйла өсөт.

«2023-жылга карата дарыгерлердин айлыгы экономикадагы орточо маянадан эки эсе көп болот», - деп белгиледи Токаев.

Президент өз кайрылуусунда мугалимдердин айлыгын көтөрүү жөнүндө да айтып өттү. Бул максатта жакынкы үч жылда кошумча 1,2 триллион теңге бөлүнөт. 2021-жылдын үчтүн айынан тартып мугалимдердин айлыгы 25 пайызга көтөрүлөт. Ошентип алардын айлыгы эки эсе артат.

 

Фото: azh.kz


×