Быйылкы алгачкы коңгуроо мурункудан башкача болду

Быйылкы алгачкы коңгуроо мурункудан башкача болду

Бала чактан келечекке өтүүнүн алгачкы белгиси болгон «Биринчи коңгуроонун» үнү быйыл башкача болду. Демейде майрамдын чордону болгон мектептер бул жолу бош калды. Мектеп 1-класстын окуучулары үчүн гана ачык. Анда да салттуу «Алгачкы коңгуроо» иш-чарасы болгон жок. Башталгыч класстын окуучулары үчүн сабактар дароо эле өтүлүп баштады. Ал эми аралыктан билим алган окуучулар үчүн тарбия сааты онлайн режиминде өттү. Билим күнүндө биринчи жолу мектеп босогосун аттаган балдардын ата-энелери өзгөчө толкунданды.

«Албетте коркуу сезими бар. Анткени башталгыч мектепте алган билим - пайдубал сыяктуу. Ал кандай бекем болсо, менин уулум да келечекке ошондой бекем кадам таштайт. Мектепте негизги сабактар гана окутулат экен. Эми калганын үйдөн окуйбуз. Кээ бир кыйынчылыктар болот деп жатат. Ошентсе да, мугалим менен тыгыз байланышта болуп, баардыгын жеңебиз деп ишенем», - дейт Нур-Султан шаарынын тургуну  Дана Жамбыл кызы.

«Быйылкы окуу жылын окуучулар гаджеттердин жана смартфондордун жардамы менен окушат. Ар кимиси ар кайсы жакта жүрсө дагы, 3 айдан бери көрүшпөгөн балдар куттуктоолорду алышууда. Бирок мектепти жаңы баштап жаткан балдарга оңой эмес. Азыркы өнүккөн заманда жаңы программа менен жакшы тамга тааныбаган, калем кармап, туура жаза албаган баланы окутуу ата-эне үчүн кыйын болору анык. Ошондуктан мен бул илдеттен тезирээк кутулуп, салттуу окуу форматына өтсөк дейм», - деген пикири менен ата-эне  Жанна Ефремова бөлүштү.

Жалпысынан өлкөдө аралыктан окутуу кандай уюштурулат? Мугалимдер онлайн платформага сабак берүүгө даярбы? Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 350 миң мугалим аралыктан окутуу ыкмасын өздөштүрүү үчүн атайын курстан өткөн.

«Билим берүү министрлиги тарабынан даярдалган 2 курс бар, андан тышкары башка курстарга катышып, бир нече сертификаттарга ээ болдук. Жайкы каникул мезгилинде мугалимдер үчүн 40 сааттык НЗМ курстары болду. Анда дистанттык окутуунун форматы кеңири көрсөтүлүп, тааныштырылды. Балдар үчүн дистанттык окутуунун эки негизги багыты бар. Биринчи багыт - онлайн режиминде окутуу. Онлайн режиминде окутуу 8 Интернет платформасында жүргүзүлөт. Экинчи багытта балдар телеканалдарда билим алышат.  «Ел арна» жана «Балапан» телеканалдары күнүнө 9 саатка чейин эфир бөлүп жатат», - дейт казак тили жана адабияты мугалими Еркегүл Жупархан.

Белгилей кетсек, быйыл 3,3 миллион окуучу орто билим алат. Алардын ичинен 380 миңи биринчи класска кабыл алынды. Ошол эле учурда, окуучулардын 80% же 2,6 миллион бала аралыктан билим алат. Башталгыч класстын окуучуларынын 15% же 530 миң баланын ата-энелери нөөмөтчү топто окутууга арыз беришкен. Калган 5% балдар салттуу чакан форматта билим алышат. Алардын саны 202 миң бала.

 

Фото: stan.kz