Нур-Султанда күн энергиясы менен иштеген мечит ачылууга даяр

Нур-Султанда күн энергиясы менен иштеген мечит ачылууга даяр

Казакстандагы биринчи жана азырынча жалгыз эко-мечит элди кабыл алууга даярданууда. Эл арасында «Кудайдын гүлү» деп аталган диний имарат башка мечиттерден архитектуралык формасы жагынан эле эмес, заманбап «жашыл» технологияларды колдонуу менен айырмаланып турат. Мечит толук күн шооласы менен жабдылган. Алар коммуналдык чыгымдарды азайтып, мечиттин оңдолушун бир топ жеңилдетет.

«Бардык өндүрүлгөн энергияны мечитти кароого, аймакты жарыктандырууга жумшайбыз. Ал эми ашыкча энергия макулдашуу боюнча «Астанаэнергосбытка» бөлүштүрүлөт. Ушундай заманбап шаймандар менен жабдылган мечиттер менен мекемелердин саны көп болушун каалайм», - дейт Ырыскелди мечитинин баш имамы Яхия ажы Абдуллаулы.

Белгилей кетсек, мечиттин эшиги сыйына турган ар бир адам үчүн ачык. Бирок алдын алуу максатында коомдук иш-чаралар жана жума намазы окулбайт.

 

Фото: 24.kz