Нур-Султандагы 40 миңден ашуун окуучу нөөмөттүк топтордо билим алат

Нур-Султандагы 40 миңден ашуун окуучу нөөмөттүк топтордо билим алат

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан ата-энелердин 50% балдарын нөөмөттүк топторго жиберүү чечимин кабыл алды. Бүгүнкү күнгө чейин 40 миңден ашуун окуучунун ата-энеси арыз жазып калтырган. Калган жарымы аралыктан же үйдөн окушат. Аяк оона айынын биринде Нур-Султанда 3 миңге жакын нөөмөттүк топ өз ишин баштайт. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шолпан Кадырова Борбордук коммуникация кызматында өткөн брифингде билдирди.

Мындан тышкары, тиешелүү мекеме буга чейин кезметчи топтордогу мугалимдерге иштеген сааттары үчүн кошумча акы төлөнөрүн белгилеп келген. Алдын ала маалыматтар боюнча, 26 миңге жакын бала үчүн биринчи коңгуроо кагылат. Жалпысынан шаар боюнча 82 миң бала башталгыч билим менен камтылган. Калган окуучулар үчүн биринчи чейрек аралыктан окутуу менен башталат. Бирок бийлик бул убактылуу чара деп ишендирип, балдарды мектепке кайтарууга камынууда.

«Бүгүнкү күндө Нур-Султан шаарында 117 орто мектеп бар. Кошумчалай кетсек, быйылкы окуу жылында 3 жаңы мектептин ачылышы мерчемделүүдө. Алардын экөө жалпы орто билим берүүчү жана бирөө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын мектеп. Окуу жылынын башталышында борбор калаадагы мектеп окуучуларынын саны 202 миңден ашат деп күтүп жатабыз. 1-класска 26 миңден ашуун окуучу кабыл алынат. Бүгүнкү күндө 23 миң 164 арыз берилген», - деди Шолпан Кадырова.

 

Фото: 24.kz