Казакстан Республикасынын Конституциясына – 25 жыл!

Казакстан Республикасынын Конституциясына – 25 жыл!

Эки күндөн кийин өлкө Конституция күнүн белгилейт. Мындан 25 жыл мурун, баш оона айынын 30-күнү республиканын эң маанилүү документи кабыл алынган. Ошондон бери бул дата өлкөдө улуттук майрам катары белгиленип келет. Сөздүн баалуулугун билген казак эли илгертеден эле ак мыйзамдарын ташка тамга баскандай жазып, колдонушкан. Атап айтканда, «Касым хандын кыска жолу», «Эсим хандын эски жолу», «Аз-Таукенин жети уставы». Ал эми Эгемендик алгандан бери маанилүү документ эки жолу кабыл алынды. Бүгүнкү Казакстан мамлекетинин уюткусу Конституцияда миңдеген жылдар бою калыптанган адамзаттын жалпы баалуулуктары, ар-намыс жана кадыр-барктан турган ата-бабалардын биримдиги жана тынчтык идеясы камтылган. Ал эң жогорку мыйзамдуу күчкө ээ жана Казакстан элинин эркиндигин билдирет. Мамлекеттин ар бир жараны негизги мыйзамдын маанилүүлүгү тууралуу билүүгө тийиш.

«Конституция биздин коомдогу эркиндиктин, теңдиктин жана ынтымактын символу. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын контекстинде биздин коом тарыхый жана маданий мурастардын маанилүүлүгүн, Казакстан элинин тилектештигин, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин жөн гана сөз менен эмес, эгемендүү өлкөнүн эң жогорку баалуулуктары экендигин көрсөттү. Мен бардык казакстандыктарды жалпы өлкө үчүн ушул маанилүү майрам менен куттуктайм» - деди адвокат Елнур Ешенгелдиева.

Конституцияны майрамдоо - бул өз өлкөсүнүн патриотумун деп эсептеген ар бир казакстандык үчүн өзгөчө майрам. Коронавирус калктын пландарын өзгөрткөнүнө карабастан, өлкөдө майрамдык иш-чаралар онлайн форматта улантылат. Мисалы, ушул күндөрү Борбордук китепканадан «Конституция - көз карандысыздыктын негизи» онлайн инсталляциясын көрө аласыз. Баш оона айынын 30-күнү «Жаштар» театры социалдык тармактарда «Айбарлы аскар элди аскактатар Баш мыйзам» аттуу онлайн концертин тартуулайт. Nomad театрынын артисттери тармакта куттуктоолорду онлайн режиминде жөнөтүшөт. Аны менен катар, бардык улуттук баалуулуктар менен жарандык кадыр-барктын негизине айланган Конституция күнүнө карата бүткүл өлкө боюнча көптөгөн онлайн-көргөзмөлөр уюштурулат.

 

Фото: zakon.kz