Кезметчи топтордо иштеген мугалимдерге кошумча акы төлөнөт

Кезметчи топтордо иштеген мугалимдерге кошумча акы төлөнөт

Казакстандык окуучулар үчүн биринчи чейрек аралыктан өтсө, мугалимдер сабакта нөөмөттө болушат. Балдар топторго бөлүнгөндүктөн жумуш убактысы көбөйөт. Пландан тышкары иштеген мугалимдерге кошумча акы төлөнүп берилет. Бул тууралуу Казакстандын Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде билдирди.

«Мугалимдерге болгон талап дагы жогорулайт. Бирок мугалим кошумча иштегендиги үчүн акы алат. Башкача айтканда, азыркы учурда 28 саат болсо, мугалимге 28 сааттын баарына төлөнөт», - деди Асхат Аймагамбетов.

Окуучулардын 80% же 2,6 миллион бала аралыктан билим алат. Башталгыч класстын окуучуларынын 15% же 530 миң баланын ата-энелери нөөмөтчү сабакта класстарга арыз беришкен. Дагы 5% салттуу форматта окушат. Алардын саны 202 миң бала, деди министр. Ошондой эле, нөөмөттөгү топтор үчүн тыныгуу ар кандай убакытта болот. Сабактар да ар кайсы убакта башталат.

«Балдар бир бөлмөдө гана окушат. Адаттагыдай бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө көчүп окууга жол бербейбиз деп чечтик», - дейт Асхат Аймагамбетов.

Мындан тышкары, мекеме башчысы аяк оона айынын 1-күнүндө өтө турган иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Кезметчи топтордогу балдар үчүн окуу сааттары ​​уюштурулат. Ал эми аралыктан окуй турган окуучуларга билим күнүндө мектепке баруунун кажети жок.

 

Фото: elorda.info