Чет өлкөлөрдөгү казакстандыктарга эне тили онлайн үйрөтүлөт

Чет өлкөлөрдөгү казакстандыктарга эне тили онлайн үйрөтүлөт

5 мамлекетте казак тилин үйрөтө турган онлайн курстар​ачылат. Бул тууралуу Маалымат жана социалдык өнүгүү боюнча вице-министр Марат Азилхановдун «Мекендештер» фондунун жетекчилиги менен жолугушуусунда айтылды. Министрликтин тараткан маалыматына ылайык, катышуучулар Орусиянын Омск жана Түркиянын Стамбул шаарларында, ошондой эле, Германия, Кыргызстан жана Өзбекстан борборлорунда маданий-ишкердик үйлөрүн жана казак тилин үйрөнүү боюнча онлайн сабактарын ачуу долбоорлорун талкуулады.

«Мекендештер» фондунун вице-президенти Магауия Сарбасовдун айтымында, дүйнөнүн 12 мамлекетинде 22 онлайн сабак иштеп жатканын билдирди. Азырынча бул курстарда 800 адам билим алат. Өз кезегинде маалымат жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Марат Азилханов чет өлкөлөрдөгү маданий жана ишкердик үйлөрүнүн мазмунун, сапатын жакшыртуу, казак тилиндеги онлайн сабактарынын санын көбөйтүү тапшырмасын берди.

Жолугушууда аталган фонд чет өлкөдөгү мекендештер тарабынан түзүлгөн өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу меморандумдары боюнча иштөөнү улантып жаткандыгы белгиленди. Бүгүнкү күндө 25 мамлекетте 62 меморандумга кол коюлган.