Аида Балаева: Ата мекендик телеканалдарда чет элдик сериалдар кыскартылат

Аида Балаева: Ата мекендик телеканалдарда чет элдик сериалдар кыскартылат

Чет элдик сериалдар жана ата мекендик телеканалдардагы көңүл ачуу программалары 30% кыскартылат. Бул тууралуу маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева РК президенти телерадио комплексине берген маегинде билдирди.

«Жаңы сезондо телеканалдарда бир катар өзгөрүүлөр болот. Мисалы, чет элдик сериалдар жана көңүл ачуучу программалар 30 пайызга кыскарат. Көрүүчүлөр муну байкайт деп ойлойм. Бул сериалдар такыр болбойт дегенди билдирбейт. Башкача айтканда, бул багытты колдогон аудиториянын кызыкчылыктары сакталат. Бирок негизги багыт аналитикалык жана агартуучулук контентке басым жасалат. Еларна телеканалы өз багытын өзгөртүп, маданият жана билим берүү жаатындагы маалыматтарды таратат. Аны менен катар Kazakh TV телеканалынын аталышы дагы өзгөрүшү мүмкүн. Дагы бир жаңылык - аль-Фараби каналы ишке кошулбайт. Учурдагы экономикалык кырдаалга байланыштуу колдо бар ресурстарды болушунча  пайдалануу чечими кабыл алынды», – деди министр.

Министрдин айтымында, эми  телеканалдан ата мекендик өнүм көбүрөөк көрсөтүлөт. Өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун, мамлекеттик органдардын ишин, ошондой эле, мамлекеттик программаларды жана демилгелерди чагылдырган программалардын санын көбөйтүү мерчемделүүдө.

«Азыр мамлекеттик программалардын, аналитикалык материалдардын кеңири жайылышына багытталган ачык-айкын пикирлер бар. Бул мамлекеттин саясатын кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк  берет. Айрым программалар же демилгелер боюнча серепчилик пикир ар дайым маанилүү. Кийинки жылдан баштап жаңы форматта иштейбиз», - деди Аида Балаева.

Министрлик жергиликтүү сериалдарды жана даректүү кинотасмаларды көрсөтүү максатында «Казакфильмдин» негизги өнөктөшү болууну мерчемдөөдө. Маалымат жана социалдык өнүгүү министринин айтымында, Nickelodeon, TiJi жана Disney телеканалдары казак тилинде маалымат таратышат. Учурда министрлик бул багытта ишти баштады. Бул балдар менен өспүрүмдөргө сапаттуу контентти  казак тилинде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Фото: progorodsamara.ru


×