Казакстан Конституциясынын 25 жылдыгына карата кандай иш-чаралар өтөт?

Казакстан Конституциясынын 25 жылдыгына карата кандай иш-чаралар өтөт?

Баш оона айынын 30-күнүндө өлкөнүн Конституциясы кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы белгиленет. Бул датага кандай иш-чаралар мерчемделген жана казак коомун модернизациялоодо башкы мыйзамдын ролу кандай? Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн пресс-конференцияда Бакыт Нурмуканов жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Унзила Шапак билдирди.

Алардын айтымында, баш оона айынын 24-30-күндөрү аралыгында өлкөдө Конституцияны урматтоого арналган ондогон иш-чара өтөт, алардын бардыгы онлайн режимде уюштурулат.

Ошондой иш-чаралардын бири борбор калаада өтө турган «XXI кылымдын Конституциясы - мыйзамдуулук, адамдык баалуулуктар жана мамлекеттин натыйжалуулугу» деп аталган эл аралык конференция.

Онлайн отурумдун катышуучулары адам укуктары жана баалуулуктары, мамлекеттин натыйжалуулугу маселелерин талкуулашат. Форумга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, казак жана чет элдик окумуштуулар катышат деп пландалууда.

«Талкуу боло турган темалар абдан кызыктуу. Акыркы глобалдык окуялар, анын ичинде коронавирустук кырдаал, эл аралык жана улуттук укуктук базаны кайрадан карап чыгып, аны каатчылык мезгилинин керектөөлөрүнө ылайыкташтыруу. Буга байланыштуу конституциялык жана укуктук өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн дүйнө жүзүндөгү алдыңкы юристтер, беделдүү уюмдардын өкүлдөрү чогулат», - дейт Бакыт Нурмуканов.

Аны менен катар, спикерлер маараке алкагында Конституциялык Кеңеш «Баш мыйзам жумалыгы» долбоорун ишке ашыра тургандыгын кабарлады.

«Долбоордун максаты - коом менен мамлекетти модернизациялоодо Конститутциянын ордун  терең түшүнүү. Негизги мыйзамга коомчулуктун көңүлүн буруу, Руханий жаңыруу улуттук программасынын алкагында коомдун конституциялык маданиятын жогорулатуу. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, алардын бардыгы онлайн режимде өткөрүлөт. Аталган долбоор аркылуу бүткүл өлкө боюнча онлайн конференциялар, тегерек столдор, акысыз юридикалык консультациялар, вебинарлар, медиа-көрсөтүүлөр, кайрымдуулук акциялар, жаңы объекттерди пайдаланууга берүү, батирлердин ачкычтарын, ID карталарды тапшыруу жана башка иш-чаралар уюштурулат», - деди спикер.

Мындан тышкары, Улуттук банк жаңы эстелик монеталарын чыгарат. Графикалык композициянын негизи катары Конституциянын 25 жылдыгына арналган расмий логотип колдонулду. Номиналы 200 теңгелик 3 миң монета жана 100 теңгеден 50 миң даана даярдалды. Ошондой эле, даталуу күндүн урматына мааракелик почта маркаларын чыгаруу мерчемделүүдө.

 

Фото: sputniknews.kz


×