Нур-Султанда «Аль-Фараби дүйнөсү» окуу-тарбия борбору ачылды

Нур-Султанда «Аль-Фараби дүйнөсү» окуу-тарбия борбору ачылды

Белгилүү ойчул Абу Наср аль-Фарабинин интеллектуалдык, чыгармачылык мурасын изилдөө жана келечек муунга өткөрүп берүү максатында Нур-Султандагы Студенттер сарайында «Аль-Фараби дүйнөсү» билим берүү борбору ачылды.

«Борбордун ачылышы дүйнөлүк илимдин жана цивилизациянын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон  орто кылымдагы улуу ойчул, энциклопедиячы жана философ Абу Наср аль-Фарабинин рухий мурасына болгон сый-урматты көрсөтөт. Экинчи мугалим катары белгилүү Абу Наср аль-Фарабинин философия, логика, метафизика жана табигый илимдерге  кошкон салымы чоң», – делинген борбор акимчилигинин басма сөз кызматы  тараткан маалыматта.

Борбордо окумуштуунун «Аль-Фараби жана илим», «Аль-Фараби жана грек ойчулдары» (Аристотель, Платон), «Аль-Фараби жана өнөр», «Аль-Фараби жана тарбия», «Аль-Фараби жана Поэзия», «Аль-Фараби жана чечендик өнөр» бөлүмдөрү иштейт.

«Бул багыттар боюнча окуучулар илимдин медицина, астрономия, математика, геометрия, логика, философия, башкача айтканда, илимдин бардык тармактарындагы илимпоздун эмгектерин чогултуп изденишет. Келечекте биз аль-Фараби жөнүндө документалдык фильмдерди, билим берүүчү маалыматтарды, ушул борбордо анын жашоосу жөнүндө жаңы маалыматтарды чогултууну жана белгилүү ойчулдун бай мурасын жайылтууну улантабыз», – дейт борбор жайгашкан аль-Фараби атындагы Окуучулар сарайынын мүдүрү Ербол Иргебай.

Борбордун ачылышы Нур-Султан шаарынын акимчилиги тарабынан аль-Фарабинин 1150 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өттү. Аль-Фараби борборунун бет ачар аземинде улуу окумуштуунун бюсту ачылды.

 

Фото: astana.gov.kz