Алматыда Борбордук Азия эл аралык гляциология борбору түзүлүүдө

Алматыда Борбордук Азия эл аралык гляциология борбору түзүлүүдө

Борбордук Азиядагы Эл аралык Гляциология Борбору ЮНЕСКОнун демилгеси менен Казакстандын География жана Суу Коопсуздугу Институтунун базасында түзүлүүдө. Ал өз ишин жылдын аягына чейин баштайт. Бул уюм Түндүк Тянь-Шандын ири мөңгүлөрүнүн эришин изилдейт. Окумуштуулар 21-кылымдын аягында мөңгүлөр толугу менен жок болот деп болжолдошууда. Алматыга жакын жайгашкандыктан, Иле Алатаудагы Туюксу мөңгү изилдөө үчүн эң ылайыктуу мөңгү болуп саналат. Учурда Казакстандын География жана Суу Коопсуздугу Институтунун гляциологиялык станциясы иштеп жатат. Туюксу көп жылдан бери штаб-квартирасы Швейцарияда жайгашкан Дүйнөлүк мөңгүлөрдү байкоо кызматынын көзөмөлүндө. Тактап айтканда, Түндүк Тянь-Шандын эң ири мөңгүсү - Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнүн көрсөткүчү болууда. Адистер ар дайым Швейцариядагы кесиптештерине байкоолорду жөнөтүп турушат.

«Мөңгүлөр климаттын өзгөрүшүнүн эң сезимтал индикатору болуп саналат. Алар аркылуу аба-ырайындагы өзгөрүүлөрдү дароо байкоого болот. Эгерде мөңгүлөр эрип жатса, анда жылуулук жүрүп жатат.  Бул кубулуш 21-кылымдын башынан бери күчөдү. Мөңгүлөр 1970-жылдарга караганда тез эрий баштады», - дейт География жана суу коопсуздугу институтунун илимий кызматкери Николай Касаткин.

Окумуштуулар мөңгүлөрдүн эришин 10 күндө бир текшерип турушат. Бул үчүн алар станциядан мөңгүгө чейин жөө көтөрүлүшөт. Бул бир жарым сааттан эки саатка чейин созулат. Туюксуда тактайлар жайгаштырылган. Тактайлардын бийиктиги аркылуу мөңгүнүн канчалык ылдам эрип жатканын байкоого болот.  Николай Касаткиндин айтымында, мөңгүдө 102 тактай калган. Мурун анын саны көп болгон. Бул муз бетинин канчалык кыскарып баратканын көрсөтүп турат. Ошондой эле, мөңгүлөрдүн тыгыздыгын баалоо үчүн скважина бургуланат.

«Биз ар он күн сайын байкоо жүргүзүп турабыз. Жалган куран айынын аягында - чын курандын  башында жана аяк оонанын аягында - тогуздун айынын башына чейин. Абанын орточо күндүк температурасы нөлдөн минуска чейин өзгөргөндө мөңгүлөрдү кар басат. Ал эми жылуу мезгилде ар бир он күндө муздун астындагы тактайлардын бийиктигин текшерип турабыз. Он күндүн ичинде муздун канчалык эригени байкалып турат. Биз өлчөө жүргүзөбүз, карта түзүлөт, аянты, көлөмү эсептелип, мөңгүнүн канчалык суу жоготконун аныктайбыз», - дейт адис.

Азыркы учурда Туюксу мөңгүсү азайып барат. Ал эми 2020-жылы жаан-чачындын көлөмү аз. Кыш мезгилинде ал орточо деңгээлден да төмөн болду. Орточо норма 700 мм болсо, быйыл 460 мм гана жаан-чачын жааган.

«Азырынча тынчсызданууга негиз жок. Ачык мөңгүлөрдөн тышкары, массивдердин астында жашырылган мөңгүлөр да бар. Бирок тилекке каршы, заманбап технологиялар менен биз бул муздун так көлөмүн биле албайбыз. Бирок аны аныктай турган убакыт келет деп ойлойм», - дейт География жана суу коопсуздугу институтунун илимий кызматкери Николай Касаткин.

Алматыда курулуп жаткан Борбордук Азия эл аралык гляциология борбору бул жатта алгылыктуу кадамдарды жасоого жол ачат деп ишенишет адистер.

 

Фото: 35photo.pro