Византия жана Кытай соода байланыштары: казакстандык археологдордун жаңы ачылыштары

Византия жана Кытай соода байланыштары: казакстандык археологдордун жаңы ачылыштары

Аймактардагы археологиялык казуулардын жыйынтыктары таң калтырат. Окумуштуулардын айтымында, Атырау облусунан табылган экспонаттар казак жеринде жашаган уруулардын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелери жакшы өнүккөнүн далилдеп турат. Облустук чөлкөм таануу музейинин кызматкерлери  эки коргонду изилдөө учурунда 560 байыркы экспонат табышты. Алардын 96 таза алтындан жасалган. Казылган коргон эки кабаттан турат. Анын биринчи кабаты биздин заманга чейинки II кылым - Сарматтар дооруна таандык. Адистер табылгаларды эки бөлүккө бөлүп изилдеп жатышат. Биринчиси биздин заманга чейинки II кылымды камтыйт, ал эми үстүнкү кабат XI кылымга туура келет. Кызылкога районунда табылган экспонаттардын арасында  күмүштөн жасалган аял кишинин кооз буюмдары, темир кайчы, чыны, куту жана айнек бөтөлкө илимпоздордун көңүлүн бурууда. Буюмдардын жогорку сапаты ошол мезгилде Түндүк Каспий аймагында жашаган уруулар алдыңкы кол өнөрчүлөр болгонун тастыктап турат. Ошол заманда чет өлкөлөр менен соода-сатыктын өнүккөнүн байкоого болот.

«Буюмдардын жасалгасы аркылуу биз анын абдан өнүккөндүгүн көрө алабыз. Ошондой эле, астыңкы бөлүгүнөн 1,10 м терендикте сарматтык буюмдардын табылган алтын буюмдар жана мурда кездешпеген айнектин чыгышы, Византиядан жана Кытайдан импорттолгон товарлар келип турган болушу  мүмкүн», - дейт Атырау облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин илимий кызматкери Ерлан Тилеккабыл.

Ал эми Акмола облусунда иштеген археологдор 22 байыркы эстеликти табышкан. Адистердин айтымында, алардын көпчүлүгү темир дооруна туура келет. Бул экспонаттарды карап жатып, ошол мезгилдеги адамдардын Атбасар жеринде мал чарбачылыгы менен алектенишкенин байкоого болот. Айрым объекттер Жабай дарыясынын жанында жайгашкан, ошондуктан суу каптоо коркунучу бар. Андыктан бул көрүстөндөр кийинки жылы камкордукка алынат.

 

Фото: zakon.kz