Казакстан чет өлкөдө окуган студенттери үчүн ыкчам штаб түздү

Казакстан чет өлкөдө окуган студенттери үчүн ыкчам штаб түздү

Дүйнөдө коронавирустук эпидемиянын жайылышына байланыштуу чет өлкөлүк университеттерде окуган студенттер туңгуюкка кептелди. Мисалы, Кытайда окуп жаткан жаштар жаңы талаптарга жооп бериши керек. Эми аларга университеттен атайын чакыруу жана окууга барганда COVID-19 илдети жок экендигин тастыктаган документ болушу зарыл. Жаңы эрежелер Кытайдын билим берүү жана саламаттык сактоо министрликтери тарабынан биргеликте киргизилген.

Тышкы мамлекеттерде билим алган мекендештерге колдоо көрсөтүү максатында РКнын Тышкы иштер министрлиги алдында атайын ыкчам штаб түзүлдү.

«Көптөгөн өлкөлөрдө туруктуу авиациялык жана транспорттук байланыш үзгүлтүккө учурап, чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынып, карантиндик режим сакталууда. Чет элдик окуу жайлары мигрант студенттер үчүн аралыктан окутуу форматына өтүшкөн. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинде  казак студенттеринин ишин координациялоо жана аларга зарыл жардам көрсөтүү үчүн оперативдүү штаб түзүлдү жана ага борбордук аппараттын кызматкерлери, чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматкерлери кирди», - деп кабарлайт мекеменин басма сөз катчысы.

Консулдук кызматкерлер кабыл алуучу өлкөнүн ар бир университети менен байланышып, эл аралык студенттер үчүн сунушталган окуу форматын аныктоодо. Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы штаб Казакстанда катталган чет элдик элчиликтер менен үзгүлтүксүз байланышта.

«Штаб биздин студенттерге университеттер менен байланыш орнотууда, виза, чек арадан өтүү ж.б. маселелерде жардам көрсөтөт. Студенттер жана алардын ата-энелери бардык суроолор боюнча Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин оперативдүү штабына кайрыла алышат. Тел: +7 (7172) 72-00-46, 72-00-47,72-05-49, e-mail - ccovid19@mfa.kz», - деп кабарлайт тышкы саясат мекемеси.

 

Фото: azattyq-ruhy.kz