«Абай жолу» эпопеясы жаңы форматта жарык көрдү

«Абай жолу» эпопеясы жаңы форматта жарык көрдү

Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата Мухтар Ауезовдун «Абай жолу» роман-эпопеясынын кыскача мазмунуна видео саммари жасалды. Мыкты долбоор ата мекендик белгилүү портал тарабынан Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды.

Видео саммари - китептин негизги идеясын, мазмунун видео формат түрүндө тааныштырат. Ага күбө болгон көрүүчү анимация жана үн фонунун жардамы менен чыгарма  желесин толугу менен сезе алат.

«Абай жолу» эпопеясынын кыскача мазмуну бөлүмдөр боюнча даярдалган. Төрт томдон турган эпопея жалпысынан 28 бөлүмдөн тургандыгы белгилүү. Ал эми видео саммаринин ар бир чыгарылышынын узактыгы болжол менен 12-15 мүнөт. Долбоордун жетекчиси - Ернар Алмабек, сүрөтчү - Томирис Эскали, үн инженери - Шамшаддин Омаров. Абай күнүнө карата баш оона айынын 10-күнүндө биринчи томдун «Кайтканда» бөлүмү күйөрмандардын назарына сунушталды.

«Эми көрүүчүлөр бир нече мүнөттүн ичинде 28 бөлүмдүн мазмуну менен тааныша алат. Ошентип китепке делген кызыгуучулугун ойготуп, күндөрдүн биринде алар том-том чыгармаларды барактайт деп үмүттөнөбүз», - дейт долбоор жетекчиси Ернар Алмабек.

Долбоор үчүн чыгарманын негизги мазмунунун маанилүү жактары тандалып алынып, ал эми жазуучунун тили менен көркөм каражаттары сакталып калган. Чыгарманын биринчи томундагы бөлүмдөр ар бир дүйшөмбү күнү порталдын YouTube каналында жарыяланып турат. Ал эми «Кайтканда» бөлүмүнүн видео саммарисин төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот.

 

Фото: tengrinews.kz