Ринат Малцагов: карантиндин пайдасы көп болду

Ринат Малцагов: карантиндин пайдасы көп болду

Казакстанда ушул аптадан баштап карантин жеңилдетилди. Узак тыныгуудан кийин бардык жерде соода жана көңүл ачуу борборлору, сулуулук салондору, кафе жана ресторандар ачылды.

«Бул өлкө тургундарын кубантпай койбойт. Деген менен обочолонуу режими да зарыл чаралардын бири», - дейт казак эстрада жылдызы Ринат Малцагов.

Ал адамдар кадимки жашоого кайтып келгени менен, алардын мурункудай болбой турганына ишенимдүү. Ырчы кажеттүүлүктөн пайда болгон жашоо мүнөзүнө көнүп кеткенин айтат. Аны менен катар, ал республикадагы эпидемиологиялык абал турукташканына карабастан, илдеттин экинчи толкуну да болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Ага карабастан ырчы вирус бул жылдын соңунда аяктай турганына үмүт артууда. Эң башкысы учурда алешемдикке жол бербей, мүмкүн болушунча сактануу чараларын эстен чыгарбоо керектигин кошумчалады.

«Карантиндин артыкчылыктары бар экендигин белгилей кетүү керек. Изоляция режиминин аркасында биз баалуулуктарыбызды баалоого үйрөндүк. Бизде жакшы адаттар бар. Балким бул эпидемия биздин планетабызга, адамзатка керек болгон чыгар. Балким жер жүзүнө ушундай силкинүү керек болдубу? Жылдын аягында инфекция жоюлуп, баарыбыз кадимки жашоого кайтып келебиз деп үмүттөнөм», - дейт Ринат Малцагов.

 

Фото: gakku.kz