Быйыл 1,2 миллион казакстандык жумуш менен камсыз кылуу программаларынын пайдасын көрөт

Быйыл 1,2 миллион казакстандык жумуш менен камсыз кылуу программаларынын пайдасын көрөт

Жыл соңуна чейин «Жумуш менен камсыз кылуу жол картасы» жана «Эмгек» программалары аркылуу 500 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болот. Бул тууралуу Өкмөттүн жыйынында айтылды. Эске салсак, быйыл «Эмгек» мамлекеттик программасы, «Жумуш менен камсыз кылуу жол картасы» жана башка да тармактык программалардын алкагында 743 миң адам иш менен камсыз болду.  Жыл аягына чейин алардын санын 1 миллион 220га жеткирүү көздөлгөн. Министрлер кабинетинин башчысы Аскар Мамин электрондук эмгек биржасынын бизнес-жараяндарын оптималдаштыруу, иш менен камсыз кылуу чараларын иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле, облус акимдери ар бир жумушсуздун профайлын калыптандырып, жумуш менен камсыз кылууга жардамдашуу максатында аны менен натыйжалуу иш жүргүзүү керек.

«Ишке орноштуруунун пландаштырылган көрсөткүчтөрүнө жетишүү жана туруктуу жумушчу орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Улуттук экономика жана айыл чарба министрликтери Атамекен УКП жана акимчиликтер менен биргеликте бизнес-демилгелерди өнүктүрүү жана колдоо боюнча жигердүү иштерди жүргүзсүн», – деди Аскар Мамин.

Бүгүнкү күндө «Жумуш менен камсыз кылуу жол картасы» туруктуу жумуш орундарын түзүүгө жана аймактарда социалдык инфраструктураны өркүндөтүүгө багытталган. Ошондой эле, инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси түзүлдү. Ушул долбоорлор аяктагандан кийин байланышкан тармактарда 100 минден ашуун туруктуу жумушчу оруну түзүлөт. Бул 6702 долбоор. Жалпысынан төрт региондо жумуштуулукту колдоо боюнча чаралардын динамикасы алгылыктуу экендигин белгилей кетүү керек. Бул жаатта Шымкент, Жамбыл, Түндүк Казакстан жана Чыгыш Казакстан облустары бар. Орточо көрсөткүчтөр Караганды, Акмола, Түрккстан, Актөбө, Костанай, Маңгыстау, Алматы, Павлодар, Атырау облустарында жана Нур-Султан, Алматы шаарларында байкалат.

 

Фото: platon.asia