Арал деңизинин түбүнө сөксөөл отургузулду

Арал деңизинин түбүнө сөксөөл отургузулду

Көчөттөрдү отургузуу Корея Республикасынын Токой кызматынын колдоосу менен жүзөгө ашууда. Аталган долбоор 2018-жылы колго алынып, бул максатка 1,7 миллион доллар каражат бөлүнгөн. Өсүмдүктүн бул түрү туз менен кумду бөгөп, шамал болгондо алардын абага көтөрүлүүсүн токтотуу үчүн колдонулат. Быйыл деңиз түбүнүн 2,5 миң гектар аянтына дагы  сөксөөл отургузулду.

«Корея Республикасынын Токой кызматынын колдоосу менен Казакстандын Биоартүрдүүлүктү сактоо Фонду аркылуу Арал деңизинин кургак түбүндөгү 30  миң гектар жерде изилдөө иштери жүргүзүлүп, токойду калыбына келтирүү планы иштелип чыккан. Жумушчу долбоорго ылайык, 2018-жылдын жетинин айында 5000 гектар аянтка, 2019-жылдын жалган куран айында 5800 гектарга, 2020-жылдын жазында 2500 гектарга жана жалпы эсептегенде 13300 гектарга сөксөөл көчөттөрү отургузулган», - дейт токой чарбачылыгы жана жаныбарлар дүйнөсү аймактык инспекциясынын бөлүм башчысы Рахымжан Бурабаев.

Токойду калыбына келтирүү  жумуштары үчүн Казалы токой бакчасында сөксөөл көчөттөрү өстүрүлүп даярдалат. Анын аянты 32 гектарды түзөт. Кубаттуулугу жылына 4 миллион сөксөөл көчөтүн өстүрүүгө жетиштүү. Питомник жыл сайын Арал деңизинин кургап калган түбүнө 5-7 миң гектар сөксөөл, сук уялдуу бутак сыяктуу өсүмдүктөрдү  отургузат. Жалпысынан деңиздин түбүнө галофиттик өсүмдүктөрдү отургузуу 40 жыл мурун башталган. Ошондон бери 190 миң гектар жер токойго айланды дешет адистер.

 

Фото: ortcom.kz