Казакстанда дем алыш күндөрү карантин режими сакталат

Казакстанда дем алыш күндөрү карантин режими сакталат

Республиканын шаарларынан карантиндик режим акырындык менен алынат. Эми дүйшөмбүдөн тартып соода-оюн зоок борборлору, сулуулук салондору, чач тарачтар жана башка чакан бизнес объекттери иштейт. Бирок мындай жаңылыкка кубанган жашоочуларга карантиндик режим дем алыш күндөрү сакталаарына Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрмө берди.

Башкача айтканда, ишемби жана жекшемби күндөрү бул объекттер иштей албайт. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетованын айтымында, эс алуу күндөрү элдин кыймылын чектөө сакталат. Мындай чечимдин себеби эң жөнөкөй: бийликтер оорунун кайра жайылышына жол бербөө камын көрүп жатат.   

«Биз эмне үчүн дем алыш күндөрү локдаунду сактагыбыз келет? Биринчи милдет жетишилген көрсөткүчтөрдүн оң динамикасын сактоо. Инфекциянын эл арасында таралышынын негизги себеби – бул адамдардын бири бири менен чукул байланышы. Ал эми эс алуу күндөрү адамдар соода оюн-зоок борборлоруна жана базарларга активдүү бара баштаганда ошол байланыштар көбөйөт. Биз ал күндөрү негизинен эл көп топтоло турган ири объекттердин ишмердүүлүгүн токтотобуз дегенибизде ошол байланыштарды азайтуу, аралыкты сактоо максаты турат. Демек бул инфекциянын таралышын токтотуу. Бул эң жөнөкөй логика», - деп белгиледи Айжан Есмагамбетова.

 

Фото: kursiv.kz​