Казакстанда карантин бир нече баскыч менен алына баштайт

Казакстанда карантин бир нече баскыч менен алына баштайт

Өлкө ичиндеги турукташкан эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, карантип чараларын бир нече баскыч менен алып таштоо графиги каралды. Мамлекеттик комиссиянын отуруму РК Премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы алдында өттү. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешме жыйында айтылган маалыматка ылайык, Казакстанда карантин убагында эпидемиологиялык акыбал турукташып, медициналык уюмдарга жүктөм азайды. Суткалык вирус жуктуруу көрсөткүчү 4% тартып 0,5% чейин төмөндөдү. Айыгып чыккан адамдардын саны 76% жетти. Вирустун репродуктивдүүлүк орточо көрсөткүчү 0,78% чейин төмөндөдү, ооруканада жатып дарылануу жүктөмү 26% түзөт. 

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик комиссия аймак акимдеринин сунуштарын, ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлиги жана башка мекемелердин сунуштарын эске алуу менен карантип чараларын бир нече баскыч менен алып салуу тартибин бекитти жана бир катар чечимдер кабыл алынды.

Биринчиден, 2020-жылдын баш оона айынын 17-күнүнөн баштап бардык аймактарда ишин кайра баштай турган ишкерлик субъектилеринин кызмат көрсөтүү түрлөрүнүн тизмеси бекитилди:

Соода-оюн-зоок борборлору, соода үйлөрү (бутиктер), соода тармактары, жабык базарлар (30% ашык киши толбош керек, 1 кишиге 4 ч.м.);

сулуулук салондору, чач тарач, СПА борборлору, косметология кызмат көрсөткөн объекттер (алдын ала жазылуу боюнча, 1 келүүчүгө 4 ч.м.)

бассейни жок фитнес борборлору (толумдуулугу 50% ашпоого тийиш, 1 келүүчүгө 5 ч.м.), бассейни жок мончолор менен сауналар (толумдуулугу 50% ашпоого тийиш, 1 келүүчүгө 4 ч.м. )

балдарга арналган кабинеттер, балдар жана өспүрүмдөргө билим берүү борборлору (топтордо – 5 адамдан ашык эмес, жазылуу боюнча);

мектепке чейинки балдар мекемелеринин кезметтик топтору (15 адамдан ашык эмес);

ачык аянттагы аттракциондор (аралыкты сактоо, беткап тагынуу, адам агымын тартипке салуу).

Иш берүүчүлөргө кызматкерлердин кеминде 80% үчүн аралыктан иштөө форматын сактоо сунушталат.

Экинчиден, баш оонанын 17-күнүнөн тартып ачык аянттагы машыгууларды жасоого (5 адамдан ашык эмес) жана улуттук курама, клуб командалары үчүн спорттук машыгууларды аткарууга (30 адамдан ашык эмес, спорт базаларынын түрү, эпидемияга каршы чараларды жана алдын алуу чараларын сактоо менен) уруксат берилет.  

Үчүнчүдөн, быйылкы баш оонанын 17-күнүнөн тартып коомдук унааларды акыркы аялдамада дезинфекциялоо менен желдетүүдөн өткөрүү, жүргүнчүлөрдү орундуктарга гана толтуруу шарты менен жүрө баштайт.

Төртүнчүдөн, төмөнкү тыюу салуулар сакталат:

оюн-зоок, спорттук, үй-бүлөлүк, эскерүү, салтанат жана башка эл топтолгон иш-чараларды өткөрүүгө, андай иш-чараларды үйдөн өткөрүүгө;

барлар, түнкү жана оюн-зоок клубдары, караоке, фудкорттор, кинотеатрлар жана балдар менен өспүрүмдөргө арналган башка оюн-зоок жайларынын иштешине;

маданият объекттеринин, музейлердин ишине, конференциялар, көргөзмөлөр, форумдарды өткөрүүгө;

бассейндер, шаардык жана коомдук жайлар, ачык аквапарктардын ишине; диний объекттердин иштешине;

шаарга жакын жүргүнчүлөр поездеринин/электричкалардын жүрүшүнө, кызматтык поездердин, шаар аралык автобустар/микроавтобустарды кошпогондо, ортоңку вагондорду кошууга.

Бешинчиси, эпидемиологиялык кырдаалды андан ары турукташтыруу максатында дем алыш күндөрү чектөө чаралары сакталат.

«Беткап тагынуу менен социалдык аралыкты сакто режими – бардык адамдар үчүн сакталууга тийиш милдеттүү санитардык талаптар жана бул жарандардын күнүмдүк жашоосундагы эрежеге айланышы керек. Бизнес субъектилеринин иши алар толук даяр болгон кырдаалда гана кайра башталышы кажет», - деди өкмөт башчысы.

 

Фото: kaz.tengrinews.kz


×