Мектеп, дары чөп колдонгон мончо, коомдук ашкана: байыркы Түркестандын калкы кандай жашаган?

Мектеп, дары чөп колдонгон мончо, коомдук ашкана: байыркы Түркестандын калкы кандай жашаган?

Байыркы Түркестан аймагында жогорку өнүккөн цивилизация жашаганы тууралуу сенсациялык табылганы казакстандык археологдор табышты. Казуулар Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүнүн түштүгүндөгү Күлтөбө шаар урандысында жүргүзүлгөн, ал жактан XVIII-XIX кылымдарга таандык кербен сарай, чыгыш мончосу, карапа цехи жана окуу жайы табылган. Окумуштуулардын айтымында, табылгалар жалпы дүйнөлүк коомчулук үчүн зор кызыгуу жаратат.

«Азрет Султан» мамлекеттик-маданий корук-музейдин кызматкерлеринин айтымында, «Такия» дарбазасына жакын жайгашкан кербен сарайдын ордунда документтер жана баалуу буюмдарды сактоого арналган жай табылган. Мындан тышкары, бул жерде кампалар, эс алуу жана кабыл алуу бөлмөсү, короо, намазкана жана «мурича» деп аталган мончо жайгашкан. Адистер мындай кербен сарайлар байыркы шаардын бардык төрт дарбазасында болгон деп божомолдошот.

«Мында 1843-1949-жылдары Кокон хандыгынын тушунда курулган «Такия» дарбазасы болгон. Дарбазага жакын кербен сарай турган. Эски Түркестандын төрт дарбазасына катар ушундай жайлар болгон. Алардын ар биринде «мурича» деп аталган чакан мончолору жайгашкан. Табылган объектке «Такия кербен сарайы» деген аталыш берилди. Ушул жерде кабыл алуу бөлмөсүнө өткөн каалга болгон. Маңдай жагында кербен сарай башчысынын катчылыгы турган. Короодо кербендер токтогон. Батыш бөлүгүнө товарлар сакталган кампалар курулган. Эгерде биринчи кабатта чарба объекттери болсо, экинчи кабат коноктордун эс алуусу үчүн арналган, ал «Балахана» деп аталган. Жалпы аянты 35-40 чарчы келген бул курулма ушул жылдын башкы табылгасы болуп саналат», - дейт «Азрет Султан» мамлекеттик-маданий корук-музейинин илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты, археолог Марат Туякбаев.

Белгилей кетсек, окумуштуунун пикири боюнча, «Такия» дарбазасына жакын жайгашкан мектептеги казуулар чоң тарыхый мааниге ээ, анткени Түркестандын аймагынан окуу жай биринчи жолу табылып жатат.

«Башында биз аны медресе деп ойлодук. Кылдат изилдөөлөрдөн кийин эки бөлүктөн турган мектеп табылды. Биринчи бөлүгүндө балдар, экинчисинде кыздар окуган. Бул мектепте окуучулар сабаттуулукка окуган, аны бүткөндөн кийин медресеге тапшырышкан. Анын узундугу 40 метр, туурасы 25-30 метр, тең экиге бөлүнгөн. Бардык ушул бөлмөлөр шаардык жана аймактардан келген балдар окуган кельелер. Мектептин бүтүрүүчүлөрү өз окуусун «Галия» медресесинде же Бухаранын диний окуу жайларында уланта алышкан. Бул мектеп Түркестан аймагында биринчи жолу табылды», - деди Марат Туякбаев.

Байыркы Казакстандын аймагында карапа жасоо өнөрү ийгиликтүү өнүккөнүнө археологдор тапкан 8 меши бар чопо цехи түз далил болуп калды. Мында үйгө керектүү идиштерден тышкары кыш бышырышкан жана бул археологдор үчүн жаңы ачылыш болду. 

Байыркы Шахристан аймагынан чакан чыгыш мончосунун табылышы эң башкы талашсыз баалуу артефакттардын бири болуп калды. Болжол менен ал бир нече бөлмөдөн турат, айрымдары мончо кызматчыларына дагы арналган. Таң калычтуусу, мында биздин күндөргө чейин суу сактоочу резервуар – сардоба, ошондой эле, дары чөптөр демделген сууга жууна турган чөмүлмө түрүндөгү идиш дагы сакталган.

Мындан тышкары, окумуштуулар Яссауи күмбөзүнөн «Жети Ата» дарбазасына чейинки башкы жолдо изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Алардын пикири боюнча, байыркы имараттардын эшиктери магистралдык жолго чыгарылган, бул ал курулуштардын коомдук иш-милдеттерин айтып турат. Окумуштуулар мында дүкөн, ашкана жана башка коомдук жайлар жайгашкан деп эсептешет.

Адистер байыркы Түркестандын сырларын издөө боюнча казуулардын жана башка иштердин жүрүшүндө көптөгөн жаңы ачылыштар жасалат деп ишенишет. 

 

Фото: azretsultan.kz


×