Казакстанда экотуризмдин өнүгүү келечеги кенен

Казакстанда экотуризмдин өнүгүү келечеги кенен

Жапайы жаратылыштын дүйнөсүнө чөмүлүү, мурда адам барбаган жерлерде сейилдөө, байыркы көчмөндөр сыяктуу кырдаалда болуу жана өзүн көчмөн сезүү. Булар Казакстандын башкы туристтик өнүмү – экологиялык туризмдин өзгөчөлүгү. Ар бир каалоочу Улуу талаанын чексиз мейкиндигинен эң алыскы аймактарга атайын экотурларды тандай алат жана бөтөнчө табигый ажайып жайларга бара алат.

 «Акыркы жылдары Казакстан дүйнөлүк туризм картасында экотуризм багыты катары улам көп белгиленүүдө. Мисалы, ушул жылдын башында Британиялык бэкпекерлер коому Казакстанды активдүү эко-саякатты сүйүүчүлөр үчүн 2020-жылкы mustvisit ТОП-5 тизмесине киргизген, GulfNews абройлуу басылмасынын версиясы боюнча Чоң Алматы көлү Бириккен араб эмирликтеринин жашоочулары үчүн ТОП-5 дестинация тизмесине кошулган. РИА маалымат агенттигинин версиясы боюнча Кайыңды көлү дүйнөнүн эң кооз көлдөрүнүн бири болуп саналат», - деп белгиледи «Kazakh Tourism» департаментинин башкы менеджери Ернур Кенжебеков.

Адистин айтымында, обочолонгон саякат, айрыкча экобагыттар боюнча активдүү жөө саякаттоо коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү азыркы кырдаал маалында абдан актуалдуу. Анткени массалык туризмдин ордуна жекече эс алуу түрлөрү көбүрөөк ылайык келип жатат.

«Казакстандын кеңири аймактарын, калктын төмөн жыштыгын жана жаратылыш парктарынын көптүгүн эске алганда биздин аймактар обочолонгон саякаттар үчүн бөтөнчө жер болуп саналат, мында социалдык аралыкты сактоо таңууланбайт жана кадыресе көрүнүш – табигый социалдык обочолонуу болуп калат», - деп баса белгилейт адис.

Улуу талаалар өлкөсүнүн мейкиндигинде 13 улуттук парк, 10 корук, 6 резерват, 50 өзгөчө корук, 5 корук зонасы, 79 жаратылыш эстелиги жайгашкан. Анын үстүнө бардык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жалпы аянты бүткүл республиканын 9% аймагын ээлейт, эгерде салыштыруу үчүн айтсак ал аянт Улуу Британиянын аймагына тете келет. Ошондуктан адистер өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туризмди туруктуу өнүктүрүү зарылчылыгы келип чыгат деп эсептешет.

«Мындай иштерди биз Казакстандын 13 улуттук паркында, азырынча Алматы облусунун Иле-Алатоо, Көлсай көлдөрү, Чарын жана Алтын-Эмель парктарында жүргүзүп жатабыз. Азыр Иле-Алатоосунда активдүү даярдык иштери жүрүүдө. Паркты көрктөндүрүү корголуучу аймактарда эс алууну алда канча уюшкандыкта жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, анткени долбоордо визит-борбор менен жабдуу каралган – бул таанышуу жайынан турист паркта жүрүү жөнүндө толук маалымат алат, эмнеге уруксат, эмнелерге тыюу салынганын билет; кемпинг үчүн атайын жабдылган зоналар, навигациялык инфратүзүмү бар туристтик чыйыр жолдор, тамактануу, гид кызматы, санитардык түйүндөр сервистик жайлары жана башкалар антропогендик зыяндуу таасирди азайтууга шарт түзөт», - дейт улуттук компаниянын өкүлү Елнур Кенжебеков.

Ата мекендик адистер экотуризмди курчап турган чөйрөгө зыяны жок өнүктүрүү үчүн Казакстандын башка улуттук жана жаратылыш парктарында шарттарды түзүүнү пландап жатышат. Экология, геология жана табигый ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча, туристтик тармак жакынкы 10 жылда 500 миллирд теңге көлөмүндө жеке инвестиция тартууну болжолдоодо, аны менен бирге, ошол учурга карата экотуризмден түшө турган каражат 2 триллион теңгени түзөөрү күтүлөт.

 

Фото: avesta-news.kz