Америкалык өспүрүм казакстандык окуучуларга акысыз санариптик курстарды уюштурду

Америкалык өспүрүм казакстандык окуучуларга акысыз санариптик курстарды уюштурду

Казакстандан барган америкалык өспүрүм өз досторуна жардам берип, мекендештерин колдоону чечти. Ал казакстандык балдар жана анын ичинде, коронавируска каршы алдыңкы сапта күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлер үчүн SkillsforLeaders окутуу программасын ишке киргизди. Ал үчүн ортодогу 10 миң чакырым аралык эч тоскоол болгон.

Долбоор буга чейин башталган жана онлайн-форматта өтүүдө. 16 жашар Адильжан Назаров курдаштарын XXI кылымдын негизги жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүүнү, азыр жакшы бааланган кесиптерге окутууну чечкен.

 «Мен АКШда жашайм, Казакстандан болом жана өлкөмдү баалайм. Мен туулуп өскөн өлкөмдүн өнүгүүсүнө салымымды кошуп, курдаштарыма көндүмдөрүн жакшыртып, ийгиликке жетишине жардам бергим келет. Мен өзүм программа түзөм жана башка балдарды ушуга үйрөтүүнү каалайм», - дейт Адильжан Назаров.

Жаш энтузиаст кесипкөй коучтар жана программисттер менен колдоо тууралуу сүйлөшкөн – алар курсту жүргүзүүгө жардам берет. Биринчи жолу балдарды чаттар жана социалдык тармактар аркылуу жыйнашкан. Ошентип уюштуруучулар жайкы каникулду бош өткөргүсү келбеген, жаңы жана маанилүү билимдерге ээ болууга умтулган казакстандык 100 окуучуну топтошкон.

«Интенсивдүү онлайн марафон форматындагы курс 7 күнгө созулат. Окуу өткөрүүнүн узактыгын Адильжан акысыз жардам берүүгө макул болгон биздин коуч менен бирге аныктады. Балдардын көңүл коюу өзгөчөлүгүн жана жигердүүлүгүн эске алуу менен бир жумалык курс уюштурууну чечтик. Адильжан жана анын өнөктөштөрү Мириам жана Амани, кесипкөй программисттер жана коучтар балдардын умтулуу деңгээлине абдан таң калышты», - дейт Адильжандын апасы Айнур Ертлесова.

Ошентип күн сайын окуучулар жаңы билим алышат, коуч сессияларына катышат, үй тапшырмасын аткарышат, топтордо иштешет жана баалуу байге үчүн мелдешет. Курстун соңуна карата алар практикалык санариптик көндүмдөргө үйрөнүшү керек. Мында лендинг-баракча, телеграм-бот, графикалык сүрөттөр, оюндар, html-вёрстка жана башкалар жөнүндө сөз жүрүүдө. Мындан тышкары, окуучулар санариптик коопсуздук жана коргоону, коммуникация негиздери менен таанышат, өздөрү үчүн корректүү санариптик бирдейликти түзүшөт.

«Балдар күнү бою программа түзүшөт: түшкө чейин жана андан кийин санариптик көндүмдөр менен иштешет. Түштөнүүдөн кийин 2,5 саат аралыгында тренер алар менен жолугушат, анда ар күнү жаңы тема берилет – максат коюу, мотивация, эмоцияны башкара билүү, өзүнө ишенүү, күчтүү жактарын издөө сыяктуу темалар өтүлөт. Жеңил көндүмдөр боюнча балдар эки адам ийгилик үчүн чогуу иштеген «бадди» принциби менен иштешет. Алар бири бирине колдоо көрсөтөт, насаатчы болушат. Мындай топтордун бири атүгүл англис тилин жакшы үйрөнүү үчүн англисче сүйлөшүп иштөөнү чечкен!», - дейт Айнур.

Биринчи баалоо уюштуруучулардын өздөрүн таң калтырды – алар ушунчалык пайдалуу болот деп ойлошкон эмес. Эми демилгечилер ушул сыяктуу акысыз марафонду көп балалуу жана аз камсыз болгон казакстандык үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ишке киргизүүнү ойлонушууда. Адильжан долбоорду токтотуп коюуну ойлогон жок – ал кийинки курсту болжолдуу түрдө күзгө пландап жатат.