Карантинди баскычтар боюнча жеңилдетүүгө даярдык каралды

Карантинди баскычтар боюнча жеңилдетүүгө даярдык каралды

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу жана карантиндик чараларды баскычтар боюнча жеңилдетүү чараларынын комплексин Мекемелер аралык комиссия карады. Жыйынга премьер-министрдин орун басары Ералы Тугжанов төрагалык кылды. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Башкы мамлекеттик санитардык дарыгер эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуу көрсөткүчтөрү жана күчөтүлгөн санитардык-дезинфекциялык режимде карантиндик чараларды жеңилдетүү сценарийлери боюнча баяндама жасашты. Ошону менен бирге, оорунун жайылышына тоскоолдук кылуу үчүн аймактардын ишин текшерүүнүн бир катар жаңы индикаторлору сунушталды.

Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигине, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилерине эпидемиологиялык кырдаалды катаал көзөмөл алдында кармоо жана оору көрсөткүчүн андан ары төмөндөтүүнү камсыздоо тапшырылды.

«Аймактар мониторинг топторунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуусу керек. Эгерде зарыл болсо кырдаалды андан ары жакшыртуу үчүн мекемелер жана жергиликтүү бийликтер аркылуу кошумча чаралар иштелип чыгарылат. Өзгөчө калк арасында алдын алуу иштерин жүргүзүүгө биринчи кезекте бет кап режимин жана социалдык аралыкты сактоого көңүл бурулушу керек», - деп Ералы Тугжанов баса белгиледи.

Мындан тышкары, өкмөт башчынын орун басары борбордогу бир катар ишкердик объекттерин кыдырды жана иштелип чыккан санитардык шарттар менен таанышты.

«Мен бардык тараптар ишти жандандырууга кызыктар экенин түшүнөм, бирок белгиленген санитардык талаптарды сактоону суранам. Бизнес жоопкерчилик деңгээлин түшүнсө дейбиз», - деди Ералы Тугжанов.

Объекттерди кыдыруунун жыйынтыгында премьер-министрдин орун басары мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерине тапшырмаларды берди. Өз кезегинде ишкерлер дагы санитардык ченемдерди жана көзөмөл органдарынын талаптарын катуу сактоого милдеттеништи.

 

Фото: rbc.ru