Казакстанда карантиндик чектөөнүн жеңилдетилиши күтүлүүдө

Казакстанда карантиндик чектөөнүн жеңилдетилиши күтүлүүдө

Казакстанда карантиндик режим этап менен жумшартылат. Жакынкы күндөрү комиссия чектөөлөрдү бул жолу канчалык деңгээлде жеңилдетүү боюнча маселени карап көрөт. Бул тууралуу Өкмөт жыйынында саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

Мындай чечимге өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышы түрткү болду. Министрдин айтымында, инфекциянын репродуктивдүүлүк көрсөткүч деңгээли Түркестан облусунан башка бардык аймактарда төмөн болууда. Алексей Цой белгилегендей, көрүлгөн чаралардын арты менен кырдаал оң багытта турукташып келе жатат.

«Акыркы беш жумада инфекциянын репродуктивдүүлүк көрсөткүчү 1,15 тартып, 0,82 чейин төмөндөдү, оору көрсөткүчү 100 миң кишиге карата 56,73 кишиден 36,2 көрсөткүчкө түштү. Жогорудагы оң динамика карантиндик чараларды этап менен жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк болоорун айтып турат», - деди Алексей Цой.

Албетте бул бет каптар менен антисептиктерди колдонууну четке кагууну билдирбейт.

Министр карантинди жеңилдетүү санитардык эрежелерди бекем сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ошондуктан коомдук жайларда жеке коргонуу каражаттары жок жүрүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат. Мындан тышкары, адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү дагы улантат. Белгилей кетсек, карантиндик чараларды этап менен жеңилдетүү боюнча жыйынтык сунуш комиссиянын жакынкы жыйынына киргизилет.

 

Фото: liter.kz