Байыркы «Сарайшык» шаары туристтер үчүн ачылат

Байыркы «Сарайшык» шаары туристтер үчүн ачылат

Атыраудагы «Сарайшык» музей-коругу жакынкы келечекте накта тарыхый жайга айланат. Байыркы шаарда туристтерди кабыл алуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Ал үчүн шаардын башкы объекттерин калыбына келтирүү пландалып жатат. Бул тууралуу «Сарайшык» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун мүдүрүнүн орун басары Айбек Турар уулу маалымдады.

«Былтыр казууларда табылган шаар цитаделинин түндүк дарбазасын калыбына келтирүү колго алынууда. Ушул баш оона айынан тартып реставрация иштери башталат», - дейт Айбек Турар уулу.

Долбоор боюнча, келген конокторду кабыл алуу үчүн атайын «Сапар» борборун куруу пландалган. Азыр объекттин документтери даярдалып бүтүп, мамлекеттик экспертизага жиберилген.

Адистер «Сарайшык» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу туристтер мекенине айланаарына толук ишенет. Мындагы музейде тарыхтын сырын өзүнө жашырган 4 миңден ашык экспонат сакталат. Алардын арасында эң байыркы буюм зат – VII кылымга таандык буудай актаган темир сок билек бар. Музейдеги дагы бир нукура баалуу мурас – латын тилинде жазылган Абайдын китеби.

Музейдин кору туруктуу негизде толукталып келет. Мисалы, карантин башталгандан бери музей-корукка 150 чакты экспонат тапшырылган. Анын эң көлөмдүүсү – жергиликтүү жашоочу Рауан Сабыров бала кезинен тартып жыйнаган топтому, анда 100 даанага жакын экспонат бар. Алып келинген буюм заттар Сармат доорунан тартып, жакынкы  ХVIII-XIX кылымга таандык буюмдар. Анын ичинде, жебенин учтары, оймо-чиймелер менен кооздолгон кемер кур, кумуралар бар. Алардын эң баалуусу – гүл жалбырактар тартылган кумура. Аны окумуштуулар ХVI-ХVII кылымдарга таандык кылышууда. Ушул баалуу мурастар Сарайшыктын көп кылымдар бою ири саясий жана маданият борбору болгонун дагы бир жолу тастыктайт.

 

Фото: anatili.kazgazeta.kz