Маңгыстау пейзаждары, Кожа Ахмет Яссауи күмбөзү: National Geographic Казакстандын ажайып жайларынын сүрөттөрүн жарыялады

Маңгыстау пейзаждары, Кожа Ахмет Яссауи күмбөзү: National Geographic Казакстандын ажайып жайларынын сүрөттөрүн жарыялады

Казакстандын тарыхый эстеликтеринин фотосүрөттөрү National Geographic журналынын баракчаларына жарыяланды. Ажайып жайларды сүрөткө тартуу үчүн редакция дүйнөгө белгилүү фотограф Джордж Штайнмецти атайын чакырткан. Биргелешкен аракеттин натыйжасында 142 миллиондук аудиториясы бар @natgeo баракчасында Кожа Ахмет Яссауи күмбөзүнүн сүрөттөрү жана эстелик тууралуу маалымат жарыяланса, @natgeotravel баракчасына байыркы Жибек Жолунун боюндагы Отырар шаарынын дарбазасынын сүрөттөрү жарык көрдү.

«Жергиликтүү редакция менен атактуу фотографтын ишинин жыйынтыгында @natgeoqaz элди таанытып, ата мекендик туризмдин өнүгүшүнө салымын кошууга мүмкүндүк берген бир катар баракчаларга эң мыкты сүрөттөрүн салып турмакчы», - деп natgeoqaz-Instagram баракчасында жазылган.

National Geographic жана New York Times журналдарынын таанымал фотографы Джордж Штайнмец өзүнүн @geosteinmetz жеке баракчасында Казакстан аймактарынан тартылган фотосүрөттөрдү көрүүчүлөргө сунуштады. Аларда борбор шаардагы Нур-Астана мечити жана Ханшатыр алдындагы архитектуралык ансамбль, «Байтерек» монументи, Маңгыстау аймагынын космостук пейзаждары, Шымкенттин кооз жерлери, атап айтканда Эски коргондогу «Цитадель», Көз карандысыз гүлбакчасы, Кошкар ата өзөнү, Байдибек бий эстелиги менен этноайылдын сүрөттөрү бар. 

 

Фото: zakon.kz