Казакстандын жогорку окуу жайларында «Абай таануу» окутулат

Казакстандын жогорку окуу жайларында «Абай таануу» окутулат

Казакстандын жогорку окуу жайларынын студенттери мындан ары «Абай таануу» сабагын окушат жана улуу ойчулдун чыгармачылыгын терең изилдеп үйрөнүшөт. Ал үчүн жаңы окуу китеби – «Абай таануу» хрестоматиясын киргизүү пландалууда. Азыр ал жаңыдан иштелип жатат. Эске салсак, быйыл Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгы белгиленүүдө. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам бул мааракеге карата масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүн болгон жок, бирок жалпы өлкө боюнча улуу акындын мурасын жайылтууга багытталган акциялар өтүп жатат.

«Эң башкысы биз Абайдын чыгармаларын дүйнөнүн 10 тилине котордук. «Абай таануу» окуу китеби хрестоматиясы даярдалууда. Окуу китеби милдеттүү түрдө жогорку окуу жайларынын филология жана тарых факультеттеринин программасына кирет. Мындан тышкары, Казакстандын бүткүл дүйнөдөгү элчиликтеринде атайын Абай борборлору ачылууда. Биздин өлкөдө бул иш системалуу мүнөзгө ээ болду, илимий-изилдөө институту түзүлдү. Евразия улуттук университетинде Абай академиясынын илимий-изилдөө институтун түзүштү. Андыктан көптөгөн илимий борборлор абай таануу менен алектенүүдө. Бирок булардын бардыгы бир системага салынган эмес. Ошондуктан биз Абай академиясынын илимий-изилдөө институтун түздүк», - деп белгиледи РК мамлекеттик катчысы Крымбек Кушербаев «Абай tv» телеканалына берген интервьюсунда. 

 

Фото: kp.kz