2 миллион 250 миңден ашык казакстандык кирешесин жоготуу боюнча бир жолку төлөм алды

2 миллион 250 миңден ашык казакстандык кирешесин жоготуу боюнча бир жолку төлөм алды

Баш оона айынын 10-күнү саат 09.00 карата теке айындагы чектөө чараларынын киргизилишине байланыштуу кирешесин жоготуу учурлары үчүн Мамлекеттик социалдык камсыздоо фондунан бир жолку төлөм чектөө боюнча жарандардан 2 миллион 508 миң арыз кабыл алынды.

«Төлөмдүн өлчөмү эң төмөнкү айлык акыга – 42 500 теңгеге барабар. Ал төлөмдү 2 миллион 257,3 миң казакстандык алды, алардан 2 миллион 241,6 миң киши баш оона айындагы карантиндин узартылышына байланыштуу эң төмөнкү айлык акынын 0,5 өлчөмүндө кошумча акча – 21 миң 250 теңгеден алышты», - деп билдиришти РК Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинен.   

Мамлекеттик социалдык камсыздоо фондуна арыздар бир нече канал аркылуу кабыл алынды:

- 835,1 миң киши төлөмдөрдү проактивдүү форматта чектөөгө макулдук берген;

- 641 миң киши Egov.kz порталы жана telegram-бот аркылуу арыз берген;

- 381,3 миң киши - 42500.enbek.kz порталы аркылуу кайрылган;

- 650,5 миң кишинин арызы уюлдук тиркемелер жана экинчи деңгээлдеги банктардын интернет-ресурстары аркылуу кабыл алынган. 

Жарандарды категориялар боюнча бөлүштүрүүдө: 

— 835,1 миң арыз бир жолку бирдиктүү төлөм алуучулардан берилген (проактивдүү форматта);

- 231,1 миң арыз жумуш берүүчүлөр тарабынан жалданган кызматчылар үчүн берилген;

- 1 миллион 441,8 миң арыз жарандардын башка категорияларынан келип түштү (жеке ишкерлер; жеке практика менен алектенген жактар; жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдерден киреше алган жеке жактар).

Мурда кабарлангандай, Казакстан аймагында карантинди эки жумага узартууга байланыштуу Мамлекеттик социалдык камсыздоо фондунан бир жолку төлөмгө 0,5 эң төмөнкү айлык акы өлчөмүндө - 21 250 теңгеден кошумча төлөм жүргүзүлөт.  

2020-жылдын теке айында Мамлекеттик социалдык камсыздоо фондунан бир жолку төлөм алган казакстандыктарга карантиндин узартылышына байланыштуу кошумча төлөм автоматтык түрдө чектелет. Ал үчүн кайталап арыз берүү талап кылынбайт.

Бир жолку төлөмгө карантин узартылгандан кийин арыз берген жарандарга 1,5 эң төмөнкү айлык акы өлчөмүндөгү бир жолку төлөм же 63 750 теңге чектелет (42 500 + 21 250 тенге).

Арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын аяк оонанын 1-күнүнө чейин уланат.

 

Фото: inbusiness.kz