Казакстанда Абай күнү алгачкы жолу өткөрүлүп жатат

Казакстанда Абай күнү алгачкы жолу өткөрүлүп жатат

Бүгүн Казакстан эли алгачкы жолу Абай күнүн өткөрүп жатат. 1845-жылы дал ушул күнү казактын улуу акыны, улуттук жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз салуучусу, агартуучу Абай (Ибраһим) Кунанбай уулу азыркы Чыгыш Казакстан облусунун Абай ооданында жарык дүйнөгө келген. Ал эми жаңы майрам күн мааракелер тизмесине Өкмөттүн чечими менен киргизилген. Мындай улуу инсандын күнүнүн пайда болушу руханий жаңыруубуздун белгиси, дейт Манаш Козыбаев атындагы Түндүк Казакстан мамлекеттик университетинин профессору, Казакстанга эмгек сиңирген ишмер, Казакстандын мыкты журналисти, белгилүү абай таануучу Заркын Тайшыбай.

«Биз ушул күндү көп күткөнбүз. Айтайын дегеним, Пушкиндин, Лермонтовдун, Толстойдун жана башка улуу инсандарга арналган майрам күндөр бар, ал эми казак калкы үчүн Абайдын орду бөтөнчө. Ошондуктан биз дагы «Абайдын туулган күнүн эмнеге белгилебейбиз, эмнеге майрамдабайбыз?» дечүбүз. Бул жөнүндө эки түрдүү пикир бар болчу. Орусча ал күндү баш оонанын 23-күнү деп айтышчы, ал эми биз казакча баш оонанын 10-күнү деп айтып жүрчүбүз. Негизи экөө бир эле күн. Бирөө эски жыл санак, экинчиси жаңы жыл санак боюнча айтылчу. Ошого карабастан Алматыда, Карагандыда интеллигенция чөйрөсү, акындар, өнөр сүйүүчүлөр Абайдын эстелигине барып, улуу акындын күнүн расмий эмес түрдө белгилегенбиз. Эми болсо мындай атайын күн белгиленди, бул биздин руханий жаңырганыбыздын, өсүп-өнгөнүбүздүн дагы бир көрүнүшү», - деди абай таануучу.

Эске сала кетсек, быйыл улуу Абайдын 175 жылдыгы эл аралык деңгээлде өтүп жатат. Маараке жылында акындын мурасы кеңири тааныштырылып, чет тилдерге которулуп, эл аралык деңгээлде конференциялар, Абай чыгармаларын көркөм окуу, Абай кечтери, анын ырларын окуу челлендждери, китеп көргөзмөлөрү уюштурулууда.