Купуя кардарлар борбордун дарыканаларына мониторинг жүргүзөт

Купуя кардарлар борбордун дарыканаларына мониторинг жүргүзөт

Борбордо «купуя кардар» усулу колдонула баштады. Ал дагы башка ыкмалар сыяктуу эле фармацевтика тармагындагы эң жакшы ачыктыкты камсыздоого багытталган. Эске салсак, мониторинг тобу тарабынан дарыканаларды текшерүү улантылууда. Алардын максаты, дары-дармек субъектилеринин мыйзамга каршы ишмердүүлүгүн жокко чыгаруу.  

Шаардын Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө департаментине теке айынын 13-күнүнөн тартып администрациялык бузуулар боюнча 62 протокол келип түшкөн. Аларда бааны көтөрүүдөн тышкары, катталбаган жана уруксат берилбеген дарылык каражаттарды сатып алуу жана соодалоого байланыштуу учурлар төрттөн бирин түзөт.

«Мониторг топторунун курамына полиция, экономикалык иликтөөлөр департаментинин кызматкерлери кирет. Алар өздөрүнүн иликтөө иш-чараларын жүргүзөт. Купуя кардар ошондой эле дары сатып алат, эгер факт табылса рапортту тариздейт, түшүндүрмө алынат жана таңгак, фискалдык чек менен бизге жөнөтөт», - дейт Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин Нур-Султан шаары боюнча бөлүм башчысы Асия Молдиманова.

Борбордун ишкерлерине 20 күн аралыгында 8 миллиондон ашык теңге төлөөгө туура келди. Мында дарынын баасын көтөрүү үчүн салынган айып пулдар жөнүндө сөз болууда. Мамлекеттик органдардын оор мезгилде ынсаптуу болуу жөнүндө күн сайын кайталаган эскертүүлөрүнө карабай – улам жаңы тартип бузуучулар табылууда. Кимдир бирөө дарыканаларда бааны көтөрдү, башкалары дарылык каражаттарды сатып алып, кайра кымбат сатууда. Алар негизинен вируска каршы каражаттар жана антибиотиктер. 

«Дарыканаларда баалар 5% тартып. 10% чейин жогорулаган. Фармацевтика уюмдарынын жетекчилери мындай көрүнүштөрдү негизинен дарылар келип түшкөндө таңгактар жана дары түрлөрү боюнча баалардан адашуудан пайда болгон техникалык ката деп түшүндүрүүдө. Алар дайыма эле атайын жасалбайт, адамдык фактор дагы себепкер», - деп адис айтып берди.

Айтмакчы, мында ишкерлерге дагы тобокелчилик бар. Бааны жогорулатуу үчүн эле аларга 130 айлык эсеп көрсөткүчүндө айып пулга кабылуу коркунучу бар. Бул 360 миң теңгени түзөт. Эгерде бир жума ичинде төлөсө бул сумма эки эсе азайышы мүмкүн. Демартаменттин маалыматы боюнча, кайтадан кармалган ишкерлер дагы бар. Мындай материалдар дароо сотко жөнөтүлөт. Ал эми дарылар жөнүндө айтсак, көзөмөл жана сапат департаменти бардык керектүү дары-дармектер жетиштүү деп ишендирет.

«Нур-Султан шаарынын акимчилиги жана РК Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жарандарды дары-дармек менен камсыздоо боюнча иш жүрүп жатат. 1,6 млрд теңгелик турукташтыруу фонду түзүлгөн. Дарыкана тармактарынын жеткирүүчүлөрүнө логистика, сатып алуу жана дары-дармектерди ташып келүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча колдоо көрсөтүлүп жатат. Медикаменттерди сатып алуу үчүн жүгүртүүгө дагы каражаттар бөлүнүүдө», - деп департаменттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айта кетсек, борбор шаарга теке айынын 12-күнүнөн тартып 1 миллион 800 миң таңгак эң зарыл дары-дармек каражаттары келип түштү. Алар вируска каршы, бактерияга каршы, антикоагулянт жана дене табын төмөндөтүүчү каражаттар.

 

Фото: gov.kz