Кунанбай урпактарынын музейи курулуп бүткөнү калды

Кунанбай урпактарынын музейи курулуп бүткөнү калды

Абайдын мекенинде Кунанбай урпактарынын музейи курулуп бүткөнү калды. Казак адабиятынын классигинин бабаларынын көрүстөнүнө жакын жайгашкан тарыхый-маданий объект Чыгыш Казактан облусунун Акшокы айылында тургузулат. Бул жөнүндө жакында Абай району менен Семейге барып, улуу акын жана ойчулдун мааракесине даярдыктын жүрүшү менен таанышкан аймактын башчысы Даниал Ахметов Instagram баракчасына жазды.

«Мында биз көргөзмөдөн тышкары окуучулар үчүн сабактар жана жыйындар өткөрүлө турган залды ойлонгонбуз. Коноктор дагы эс ала алышат. Сырт Каскабулакта иштер толук аяктады. Касиеттүү булак көрктөндүрүлдү. Абай туулган тарыхый жайга эң сонун шаң тартууланды. Абай-Шакарим мемориалдык комплекси эми жаңыча көрүнөт. Ал учурдун талабына ылайык келет жана биз анын баштапкы архитектурасын дагы сактадык. Келечекте мында жазуучулардын музейи ачылат», - деп белгиледи Даниал Ахметов.

Аймакта музей менен бирге облустук борбор Семей дагы жаңы көрүнүшкө ээ болот. Абайдын 175 жылдыгына карата гүлбак, театр жана акындын атындагы музейди реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Ойчулдун атындагы аянт дагы жаңыртылды. Мында эс алуу жана автоунаа коюу жайлары үчүн оңтойлуу жайлар жасалды. Жакынкы үйлөрдүн сырткы беттери дагы оңдоодон өткөрүлдү. 

«Театр дагы жаңыланды. Толук реконструкциялоого карабай биз театрдын тарыхый өзгөчөлүгүн сактай алдык. Көркөм өнөр борбору кенен жана жарык болуп калды. Семейликтер менен шаар конокторун таптакыр жаңы сахна жана көрүүчүлөр залы күтөт, ал жакка кондиционерлер орнотулган», - деп билдирди аймак жетекчиси.

Облус акиминин айтымында, жаңыланган музейдин аймагында жакынкы мезгилде Абайдын жана анын уулдарынын эстелигин коюу пландалып жатат.

 

Фото: inform.kz